Кыргызстанда 2731 киши алимент төлөбөй качып жүрөт

Кыргызстанда 2731 киши алимент төлөбөй качып жүрөтЖогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитети алименттик милдеттенмелердин аткарылышын ыратташтырууга багытталган “Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. 

Мыйзамды алименттик милдеттенмелер боюнча ченемдер менен  толуктоо зарылдыгы келип чыкты. “Мыйзам долбоору менен сот аткаруучуларынын укугу, карыздар жактын  маалымат базасын түзүү боюнча милдет, ошондой эле редакциялык мүнөздөгү айрым бир толуктоолор киргизилүүдө”, — дейт Жогорку Кеңештин депутаты, мыйзамдын демилгечиси Максат Сабиров.

Талкуунун жүрүшүндө бир катар депутаттар алимент төлөбөгөн адамдардын көбү Россияда качып жүргөнүн белгилеп, аларды издөө жолдоруна кызыкты.

Сот департаментинин директору Рустам Ибраимов алимент төлөбөгөн 2731 адамга издөө жарыяланганын билдирди.

“Адегенде жарандар бизге арыз менен кайрылышат. Минск конвенциясынын жоболоруна ылайык, Биз кат менен Россияга кайрылып, анын жообун алабыз. Эгерде ал иштеп жатса, эмгек акысынын бир бөлүгү кармалат. Ал эми ал адам иштебесе, анда карызы топтоло берет”, — деди.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты