Суу, электр энергия баасы кымбаттабайт, пенсия курагы көтөрүлбөйт. Өкмөт расмий маалымат берди

Суу, электр энергия баасы кымбаттабайт, пенсия курагы көтөрүлбөйт. Өкмөт расмий маалымат бердиСоциалдык тармактарда сууга жана электр энергиясына болгон баанын көтөрүлүшү, ошондой эле пенсиялык жаш курагынын 2019-жылдын башынан тартып жогорулашы тууралуу маалыматтар активдүү жайылууда. Өкмөттүн аппараты бул маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирди.

«Өкмөт тарифтерди көтөрүүнү да, жарандардын пенсиялык курагын жогорулатууну да демилгелөөнү пландаштырган жок.

Жалган маалымат жайылтуу үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылуу мүмкүндүгүн эске салууну маанилүү деп эсептейбиз жана жарандарды мыйзамсыз чагымчыл аракеттерден карманууга чакырабыз» деп  Өкмөт расмий билдирүү  таратты.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты