Кыргызстанда канча кытай жараны жашайт?

Кыргызстанда канча кытай жараны жашайт?Жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда таркаган Кыргызстанда  жүргөн Кытайдын жарандары тууралуу маалыматка карата Өкмөт төмөнкүлөрдү билдирди.

КР Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, 2018-жылы Кыргыз Республикасына 35 215 (2017-жылы 41 307) Кытай жараны кирип, ошол эле мезгилде 34 436 (2017-жылы 40 690) Кытай жараны чыгып кеткен.

КР Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда Кыргыз Республикасынын визасын 21 017 Кытай жараны алган, мунун 14 492 электрондук виза. 2017-жылы 12 310 виза алынган, (анын ичинде 1013 электрондук виза), ошону менен бирге көп жолку виза алгандар Кыргыз Республикасынын аймагына бир календардык жылдын ичинде бир канча жолудан келип-кетишкен.

КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча убактылуу жашаганга уруксатты 11 966 (2017-жылы 18 312) Кытай жараны алып, алардын ичинен 9 498 (2017-жылы 11 593) Кытай жараны Кыргызстандын аймагында убактылуу иштегенге уруксаат алган.

Ошону менен бирге иш берүүчүлөр уруксатты Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик миграция кызматынан жыл сайын кайрадан алып турганга милдеттүү.

2010-2018-жылдары бардыгы болуп Кыргызстандын 60 жараны Кытайдын жарандары менен расмий үй-бүлө курушкан (никелешүү тууралуу күбөлүктү алышкан).

2010-2018-жылдарда жалпысынан 268 Кытай жараны Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган. Алардын ичинде 171 кыргыз, 72 уйгур, 9 өзбек, 6 кытай, 9 дунган жана 1 казак улутундагылар бар.

Келтирилген маалыматтарды эске алуу менен туура эмес маалыматтарды камтыган чакырыктар кыргыз-кытай эки тараптуу стратегиялык кызматташтыгына оор залакасын тийгизе турганын билдиребиз деди КР Өкмөтү.

Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн маалыматтык бөлүмү кабарлады.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты