Жеңишбек Ногойбаев Транспорт жана жолдор министринин милдетин аткарат
- 6 лет мурун
- Маек
Өкмөттүн жаңы мүчөсү белгиленген тартипте дайындалганга чейин Жеңишбек Ногойбаев Транспорт жана жолдор министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Ал буйрукка Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 17-декабрда кол койгонун Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады. Буга чейин Президенттин жарлыгы менен министр Жамшитбек Калилов кызматтан кетирилген.
Ал эми министрдин орун басары Азимжан Жусубалиев 50 миң доллар пара менен 5-декабрда Улуттук Коопсуздук комиетинин Коррупцияга каршы кызматы тарабынан кармалып, абакка алынган.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!