“Коопсуз шаар:” Алгачкы камералар кайсы көчөлөргө орнотулат?

Жол эреже бузууларды аныктоочу видеофиксациянын алгачкы 10 комплекси орнотула турган көчөлөр аталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

“Коопсуз шаар:” Алгачкы камералар кайсы көчөлөргө орнотулат?

“Коопсуз шаар” долбоору 17-декабрда мэр Азиз Суракматовдун жетекчилиги астында талкууланган.

Камералар 2019-жылдын 10-февралына чейин төмөндөгү көчөлөрдүн кесилишинде орнотулат:

Жибек Жолу — Жаш Гвардия;

Чүй — Фучик;

Чүй — Бейшеналиев  (Ош базарынын аймагы);

Жибек Жолу — Фучик;

Чүй — Жаш Гвардия;

Бөкөнбаев — Абдрахманов;

Жибек Жолу — Абдрахманов;

Чүй — Курманжан Датка;

Москва — Абдрахманов;

Горький — 7 Апрель.

Ноябрь айында Байланыш жана маалымат технологиялары мамлекеттик комитети жана россиялык “Вега”  ачык акционердик коому менен “Коопсуз шаар” долбоорунун алгачкы этабын ишке ашыруу боюнча келишимге кол коюлган. Ага ылайык алгачкы камералар 90 күндүн ичинде орнотулса, долбоор толугу менен жарым жылдан кийин ишке киргизилет.

Сүрөт инетрнеттен алынды.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты