Баткен прокурорун өлтүрүүгө бир нече адамдын тиешеси болуш керек дешет маркумдун туугандары

Баткен прокурорун өлтүрүүгө бир нече адамдын тиешеси болуш керек дешет маркумдун туугандары

Анарбай Мамажакыпов

17-декабрда «Аки пресс — Оштогу» пресс-конференцияда Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлтүрүлүшү боюнча маркум прокурордун атасы жана жакындары чыгып, «аны бир киши өлтүрө алмак эмес, башкалар да катышкан болушу керек. Ошондуктан ведомство аралык комиссия түзулүшү керек»  деген пикирин билдиришти. Бул тууралуу “Аки пресс Турмуш”  басылмасы билдирди.

Маркум прокурордун жакындары ал күнү аңчылыкка баргандардын баарын суракка алыш керектигин айтышат.

Мамажакыповдун тууганы Абдылда Темирбердиевдин айтуусунда, Анарбайдын бою 183 см, салмагы 90 кг болчу. Ал эми аны өлтүрүүгө шектүүнүн салмагы — 60 кг. Ошондуктан аны өлтүрүүгө жалгыз ал-күчү келбейт болчу деп эсептейт.

Алар ведомство аралык комиссия түзүүнү жана тергөөнүн акыйкат жүргүзүлүшүн мамлекет башчыдан талап кылып жатышат.

Өлтүрүлгөн прокурордун атасы Кубатидин Мамажакыпов уулунун өлтүрүлүшү алдын-ала пландалган болушу мүмкүн экенин айтат. Анткени алар аңчылыкка бир машина менен барат да, кайтканда эки машина менен келишет. Уулунун өлтүрүлүшүнөн 3-4 күндөн кийин кесиптештери Чоң-Алайга барып, тургундарга бир нерселерди сунуш кылышкан.
Маркумдун тууганынын дагы бири Сайдилла Пазылов Анарбайдын прокуратура органында иштегенине 20 жылдай болгонун, ак ниет иштегенин белгилейт.

Анарбай Мамажакыпов 18-ноябрда өлтүрүлүп, сөөгү Төрт-Күл суу сактагычынын жанынан табылган. Ал эми андан мурун жергиликтүү тургундун «Лексус — 470» машинасынан кандын тактары түшкөнү белгилүү болгон.  Прокурор кыйноо менен өлтүрүлгөнү аныкталган.

Кылмышка шектүү катары Баткен облусунун капиталдык курулуш башкармасынын башчысы Мелис Калыков кармалган. Ал облустук прокуратуранын 6 кызматкери менен бирге аңчылыкка барган.

ИИМдин тергөө кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Утемисов мурдагы пресс-конференцияда шектүүнүн өлтүрүлгөндүгү тууралуу тергөөнүн далилдери бар деп айткан.

Мурдагы пресс-конференцияда белгилүү болгондой, Башкы прокуратура өкүлү Замир Бейшекеевдин айтуусунда, Калыков Мамажакыпов менен уруша кетип, прокурорду кокустан атып алган. Андан соң тамеки тартып, кокусунан прокурордун сөөгү күйүп кеткен.

Ошол күну аңчылыкка Мамажакыпов, Калыков, Байбосунов, облустук прокурордун орун бавсары Эмилбек Ажыбеков, обл. прокуратуранын бөлүм башчысы Уланбек Эгембердиев, Баткен районунун прокурору Мирлан Калыбеков, арак-шарап заводунун өкүлү Базарбай уулу Эрнис чыккан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты