Өндүрүш Токтоназаров: “Тышкы иштер министирлиги дипломатиялык рамкага сала бербей, ыкчамыраак иштеши керек. Мен жообуна канааттанган жокмун”

Бүгүн, 17-декабрда,  Кытайдагы саясий лагерлерде камакта отурган кыргыздардын туугандары Тышкы иштер министирлигине келип, даттануу арыздарын калтырып кетишти. Биз азыркыга чейин ТИМден аталган жагдай боюнча жооп алууга аракет кылып жатабыз. Бирок, жооп берише элек.

Өндүрүш Токтоназаров: “Тышкы иштер министирлиги дипломатиялык рамкага сала бербей, ыкчамыраак иштеши керек. Мен жообуна канааттанган жокмун”

Өндүрүш Токтоназаров, жарандык активист:

“ТИМдин жообуна канааттанган жокмун”

Өндүрүш Токтоназаров: “Тышкы иштер министирлиги дипломатиялык рамкага сала бербей, ыкчамыраак иштеши керек. Мен жообуна канааттанган жокмун”

—Тышкы иштер министирлигинин маалыматына  караганда, Кытайдагы жагдай боюнча жеткиликтүү маалыматы бар экен. Мени канаатандырбаган нерсе, эмне үчүн жеткиликтүү маалыматы болсо, Тышкы иштер министирлигинин позициясын билдирген билдирүү жасабайсыңар? Анан эл дагы айтып жатпайбы, “Биздикилер уктап жата берет. Казакстандын ТИМи удаа-удаа ноталарды жиберип жатат” деп.

—Мен элдин бул сын-пикирине кошулам. Бул жерде уктабаш керек. Же болбосо чектелген дипломатиялык эрежелерге таянуунун зарылчылыгы жок. Анткени, ал жакта адамдардын тагдыры талкаланып жатат. Өзгөчө, боордош кыргыздардын тагдыры талкаланып жатат. Биз ала жакка бара алгыдай расмий өкүл эмеспиз да. Дагы жакшы, дүйнөлүк ММКлар жана интернет булактары аркылуу  Кытайда болуп жаткан жийиркеничтүү, адамзатка каршы, адам укугун бузуп жаткан окуялар жөнүндө маалыматтарды алып жатабыз.

—Бүгүн кабыл алышты. Баягы эле жалпы сөз. Мен ошондой кабыл алдым. “Иштейбиз. Ооба. Туура” деп. “Буга чейин Кытайдан келген кыргыздар тараптан бизге арыз түшкөн жок. Башка улуттагылардан гана арыз түшкөн” дешти. Бул, менимче жөн эле жооткотуу. Мен консулдук кызматтын берген маалыматтарына ичим чыккан жок. Аны ачык эле “Жөн эле рамкага салып, эрежеге таянып, саясий маданияттуулук деп отура бербей, коңгуроону батыраак кагып, жандуурак иштегиле”деген сын-пикиримди айттым.

—Анан бул жактагы арыз жазган  боордоштордун дайын — даректерин алышты. “Акырындык менен изилдеп, ошолорго таянып иштейбиз. Бирок, качан жооп болоорун билбейбиз. Мунун баары факты жүзүндө далилдениши керек” дегенимен түшүнбөгөн жоопту беришти. Арызды баары көз жашын көл кылып жазып жатышпайбы. Үстүртөн жазылбайт да. Биз убакыттан уттуруп жатабыз. Ал жакта канчалаган кишилер кыйгалып, зарлап отурушат.

Өндүрүш Токтоназаров: “Тышкы иштер министирлиги дипломатиялык рамкага сала бербей, ыкчамыраак иштеши керек. Мен жообуна канааттанган жокмун”

— Мени дагы өтө тынчсыздандырган нерсе, окуйм деп келген бир топ студент жаштар бар экен. Алар сабакка жетишпегендиктин айынан эмес, күнүмдүк жашоого каражат таппай, университеттеги окуусун таштоого мажбур болгон.

— Анткени, Кытайдагы жагдайлын айынан туугандары менен байланыша албай калышкан. Бизди консулдук кызматтын директору жана басма сөз кызматынын өкүлү кабыл алды. Ал жакта бир эле айылдан 22 000 кыргыз жок экен. Үй-бүулөсү менен камалып кеткендер бар.

—Ушундай олуттуу маселелерге келгенде биздикилер орун басары, пресс  катчыларын чыгара калышат. Эмне үчүн министр өзү чыккан жок? Чыңгыз Айдарбеков өзү чыгып, жарандык активдүү позициясын билдирип койсо болмок. Азыр деле кеч эмес. Талап кылабыз. Эгерде чындап эле эгемен мамлекеттин Тышкы иштер өкүлдөрү болсо, бул маселени  чечип беришсин.

Кытайда туугандары калган Адыл Касым уулу:

“Инимдин органдарын сатып жибериштиби деп кооптонуп жатам”

Өндүрүш Токтоназаров: “Тышкы иштер министирлиги дипломатиялык рамкага сала бербей, ыкчамыраак иштеши керек. Мен жообуна канааттанган жокмун”

—Туугандарымдын баары калды. Кыргызстанга келип, көчүп келейин деп кеткенден кийин паспортторун тартып алып, камакка алышкан. Азыр алардын өлүү-тирүүсүнөн кабарыбыз жок. Бул окуялардын башкалганына 2 жылдан ашты.

— Биринчи намаз окугандарды кармашты, андан кийин уйгурларды кармашты, анан кыргыз, казак, өзбек, тажик, татар — баарын кармай башташты. Мисалы, бир үйдө беш киши болсо, алардын үчөө же төртөө камакта. Муну жакшылап көзөмөлдөбөсө, жаштардын органдарын алып, сатып жатышпайбы.

—Иним дагы ошондой абалда калдыбы деген ойлор пайда болуп кетет. Бизге карганда, казактар эки жылдан бери акырындан чыгарып жатышат. Биз азыр камактан бир кыргызды чыгара элекпиз. Мен азыр төрт инимди таппай жатам. Баары эле бейкүнөө эле камакта жатышат.

Саясий лагерде иниси жаткан Турсунаалы Үсөн:

“Жаман ниетибиз жок”

Өндүрүш Токтоназаров: “Тышкы иштер министирлиги дипломатиялык рамкага сала бербей, ыкчамыраак иштеши керек. Мен жообуна канааттанган жокмун”

—Максатыбыз эки өлкөнүн ортосуна суук мамиле салуу эмес. Башка жаман ниетибиз жок. Болгону ошол жактагы туугандарыбызды атың өчкүр лагерден эле чыгарып, укуктарын коргоп беришсе эле болду. Ошону Кытай бийлигинен, мамлекетинин башындагы адамдардан суранабыз.

—КР Тышкы иштер министрлигинен, адам укуктарын коргоо уюмдарынан жардам күтөбүз. Менин бир тууган иним  Мүсүраалы Үсөн камакта олтурат. 2018-жылдын март айларында кармалган экен, ошол боюнча эч кандай кабар ала алган жокпуз.

 

Атасынан кабар ала албай жаткан Аалы Сүйүнаалы уулу:

«Атам 2017-жылы саясий лагерге камалган»

Өндүрүш Токтоназаров: “Тышкы иштер министирлиги дипломатиялык рамкага сала бербей, ыкчамыраак иштеши керек. Мен жообуна канааттанган жокмун”

—Мен 2014-жылы Кыргызстанга келип, 2017-жылы жарандыкты алдым. Мен атамды издеп жатам. Аты-жөнү — Сүйүнаалы Жусуп. Ал эки жолу Кыргызстанга келип кеткен. Акыркы жолу 2016-жылы июль айында келген.

—Кытайга кайткандан кийин, 2017-жылы апрель айында айтылып жаткан саясий лагерге камакка алынган. Ошондон бери азыркыга чейин дайын-дарегин ала албай келем. Кооптонуу болгондон кийин тынч жата албайт экенсиң. Ата-энемдин абалы кандай болду экен деп айласыздан келдим.

—Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү айтып жатышат, “Мыйзамдуу жолдор менен сүйлөшүүлөр аркылуу чечкенге аракет кылабыз. Бирок жообун качан айтаарыбызды айта албайбыз. Аракет кылып жатабыз” дешти.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты