Мүлкүн жашырган 141 аткаминердин иши Баш прокуратурага өткөрүлдү

Мүлкүн жашырган 141 аткаминердин иши Баш прокуратурага өткөрүлдү

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда мамлекеттик кызматтарды ээлеген 141 аткаминер Киреше жана чыгаша тууралуу Декларациясында мүлкүн жашыргандыгын Салык кызматы аныктады.

Бул тууралуу Салык кызматынын төрагасынын орун басары Искендер Алымкулов басма сөз жыйынында билдирди. Аткаминерлер көбүнчө мүлкү, үйү, жер участоктору бар экенин жашырышат.

Ал материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.

Мындан тышкары 178 аткаминердин декларациясы текшерилип жатканы маалымдалды.

Сүрөт: Интернеттен алынды.

 

 

https://bit.ly/2rFgOAA

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты