«Кыштын күнүндө үйүбүздү сүрдүрүп жатат! Президент, жардам бериңиз!» (ВИДЕО)

Бишкек шаарынын Профсоюз көчөсүндө мыйзамсыз курулуш деп табылып, сүрдүрүүгө чечим чыккан турак-жай ээлери Акүйдүн жанына митингге чыгышты.

Жыйырмага жетпеген тургундар сот аткаруучулардын аракеттерине нааразы экенин айтып, Президент же Жогорку Кеңештин депутаттары үнүбүздү угар бекен деп турушат. 

 

"Кыштын күнүндө үйүбүздү сүрдүрүп жатат! Президент, жардам бериңиз!" (ВИДЕО)

Алардын колунда «Жогорку Кеңештен чындыкты күтөбүз», «18 үйбүлөгө чет мамлекеттен баш калкалоого уруксат бергиле», «Кыш чилдеде кайда барабыз?», «Президенттен адилеттүүлүк күтөбүз» деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп турушат.

Алардын айтымында, аталган жердеги турак-жайлардын документтери чала даярдалган. Жогорку Сот бул үйлөрдү сүрдүрүү чечимин 13-декабрда чыгарган.

Митингчилер чечим чыгары менен эле сот аткаруучулар келип, тургундарга газ чачып сүрдүрүп баштаганын айтышууда. Бүгүн бул маселени чечпесе эртең кайра дагы сүрдүрүүгө келишет деп тынчсызданып жатышат.

Гүлбүбү Жээналиева: «Кышында квартиранттарды дагы чыгарбайт сыртка, биздин өкмөт жаш балдарды суукка калтырып жатат!»

Замир Алакаев: «Сот аткаруучулар газ чачып, үйүбүздү сүрдүрүүдө»

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты