Бизнес-омбудсмен мамлекеттик эмес институт болот

Бизнес-омбудсмен мамлекеттик эмес институт болот

Бизнес-омбудсмен түзүү боюнча кеңешмеде.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бизнес-омбудсмен институтун түзүү боюнча 17-декабрда кеңешме өткөрдү. 

Өкмөт башчы белгилегендей, «Doing Business» рейтингинин акыркы иликтөөлөрү боюнча, Кыргызстан аталган рейтингдеги позициясын жакшыртып, 77-орундан 70-орунга жогорулаган.

«Бизнести текшерүүгө мораторий жарыялоо жана бизнести тейлөө борборун түзүү маселеси иштелип чыгууда. Үчүнчү маселе бул бизнес-омбудсмен институтун түзүү. Биз муну бизнестин кызыкчылыгын коргоого алуучу жана алардын көйгөйлөрүн көтөрүп чыгуучу, бизнести колдоого алуунун бирден-бир натыйжалуу механизми катары эсептейбиз. Өзгөчө бул көзөмөлдөөчү жана текшерүүчү органдар ортосундагы мамилелерге тийиштүү», – деди Абылгазиев.

Экономика министри Олег Панкратов белгилегендей, бүгүнкү күндө бизнесте мамлекеттик органдар менен өз-ара алака түзүүдө көптөгөн маселелер жаралууда.

Панкратов белгилегендей, бизнес-омбудсмен институту бул бизнестин министрлик жана ведомстволордун, мамлекеттик үлүшү бар мамлекеттик ишканалардын, же акционердик коомдордун иш-аракеттери же жооп кайтарбагандыгы боюнча арыздарын көкарандысыз кароо жолу аркылуу коргоого алуу механизми.

«Бизнес-омбудсмен бул мамлекеттик эмес түзүм, мамлекеттик эмес көзкарандысыз институт. Анын жазалоо функциясы болбойт, ал тарабынан кабыл алынган чечимдер ачык-айкын жана коомчулук үчүн жеткиликтүү саналат. Натыйжада, ал мамлекеттик органдарга таасир этүү механизмине ээ болот», – деп маалымдады министр.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы билдирди.

Сүрөтү: Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматыныкы.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты