Коррупцияга каршы күрөшүү эсебине 6 млн ашык сом которулду

Коррупцияга каршы күрөшүү эсебине 6 млн ашык сом которулдуЭкономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (финансы полициясы) бирдиктүү депозиттик эсепке кезектеги 6 миллион 526 миң 683 сом өлчөмүндө акча которду.

Бул  экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндөгү жазык иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан келип түшкөн каражат болуп эсептелет.

Бирдиктүү депозиттик эсепке которулган акча каражаттарынын жалпы суммасы  254 миллион 287 миң 545 сомду түздү.

Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты