350 миң долларлык пансионатын тартып алган

350 миң долларлык пансионатын тартып алганМилиция кызматкерлери бизнесмендин пансионатын тартып алган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармаганын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.  

Бизнесмен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнөн 60 миң доллар акча карыз алган. Эки жылдан кийин карыз берген киши доосун сураганда, бизнесмен менчик пансионатынын башкы келишимин берген.  С. М. пансионаттын жакын тууганына каттаткан.

Бизнесмен карызын кайтаруу үчүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнө 125 миң долларлык квартира сатып берген. Бирок квартираны алып туруп, карыз берген киши бизнесменден күрөөгө алган пансионатты башкы келишим менен сатып жиберген.

45 жаштагы С.М. алдамчылыгы үчүн мурда соттолгон, криминалдык чөйрөдө “положенец” даражасы бар. Кылмыш чөйрөсүндө каймана ысымдуу “Лимонтинин” досу Алмаз Сулаймановдун тууганы  болору айтылууда.

Сүрөтү: ИИМдин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты