Балдар китептеринин бет ачары

Балдар китептеринин бет ачары

Улуттук филармонияда көркөм өнөр жөнүндө балдар китептеринин бет ачары бүгүн, 17-декабрда, өтүп жатат.   

Айтылуу замандаштарыбыз–композитор Муратбек Бегалиев, Казакстандан скрипач Айман Мусаходжаева, Өзбекстандан опералык аткаруучу, СССР эл артисти, Ташкент Консерваториясынын опералык вокал кафедрасынын жетекчиси Исмаил Джалилов, сүрөтчү, Г. Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинин директору Юристанбек Шыгаев китеп каармандары болуп калды.

Бардык таржымалдарда алар өзүнүн талантынын аркасында гана эмес, ошондой эле өжөрлүгүнүн, кесибин сүйүп, башка түшкөн кыйынчылыктарды көтөрө билгендигинин аркасында белгилүү болуп калган.

Балким, жаш кыргызстандыктар ушул китептерди окуп, көркөм өнөрдү тандап алаар, балким, ушул китептердин бири анын жылдыз жанышына жол ачар.

Китептерди «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду «Азыркы көркөм өнөр – балдарга» долбоорунун алкагында Швейцариянын КРдагыы Элчилигинин, Казакстан Маданият министрлигинин, ФИНКА БАНКтын колдоосу менен жарыкка чыгарды.

Бул тууралуу «Роза Отунбаеванын  демилгелери» коомдук фондунан билдиришти.

Сүрөт: Аталган фонддуку.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты