Ур-токмокко алып, колу-бутун байлап, Таласка алып кеткен. Жубайына кордук көрсөткөн кишиге 6 жылга шарттуу өкүм чыкты

Таласта ал киши аялын күчкө салып, кармап отурган,  сабап жатып анын кабыргаларын сындырган. Ленин райондук аны соту шарттуу түрдө 6 жылга соттогон. Бул туралуу чечим Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Ур-токмокко алып, колу-бутун байлап, Таласка алып кеткен. Жубайына кордук көрсөткөн кишиге 6 жылга шарттуу өкүм чыкты

Өлтүрөм деп коркуткан

Окуянын чоо-жайы (каармандардын аттары өзгөртүлдү):

Таластын тургуну Эльвира жолдошу Маликтен кетип, Бишкек шаарына көчүп кеткен.  2018-жылдын 8-апрелинде саат 18:00 чамасында жолдошу келип, жубайын көчөдөн кармап алып, күчкө салып алып кеткен. Маршруттук такси менен Ош базарына барып, мейманканада калышат. Эльвира ал жактан качууга аракет кылганда, жолдошу кармап калып, катуу ур-токмокко алган. Ал жактан автовокзалга барышат. Эльвира дагы качканга аркет кылганда, дагы ур-токмокко кабылган. Жолдошу Малик анын колу-бутун байлап, Таласка алып кетет. Ал жакта туугандарынын үйүнө камап койгон. Өлтүрөм деп коркуткан.

Маликтин айтымында, жубайы менен катуу урушуп кеткенден кийин ал Бишкеке кетип калган. Ал жактан алып кеткен. Качууга аракет жасаганда, жини келип бир нече жолу муштаган. Автовокзалда колу — бутун байлап, такси менен Таластагы эжесиникине кеткен. Ал жакта 2-3 күн калышат. Кийин жубайы ооруп калат. Ооруканага барганда кабыргалары сынганы  белгилүү болгон.

Жабырлануучу Эльвира соттук отурумда 18 жыл чогуу жашаган жолдошу аны дайыма ур-токмокко алганын төкпөй-чачпай айтып берген.

Ленин райондук соту Маликке шартту түрдө 6 жыл жаза өкүмүн чыгарды.

Сүрөт интернеттен алынды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты