Өзбекстан өкмөт башчысы Абдулла Арипов Кыргызстанга келет

Өзбекстан өкмөт башчысы Абдулла Арипов Кыргызстанга келет

Өзбекстан премьери Абдулла Арипов

Кыргызстан жана Өзбекстандын чектеш облустарынын башчыларынын Кеңешинин жыйыны эртең, 18-декабрда Ош шаарында өтөт. 

Кыргызстандын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 18-декабрда Ош облусунда өтө турган Кыргызстан жана Өзбекстандын чектеш облустарынын башчыларынын Кеңешинин экинчи жыйынына катышат.

Өзбек делегациясын өлкө Премьер-министри Абдулла Арипов жетектейт.

Кыргыз делегациясынын курамына министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери, Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, чектеш аймактардын аймактык башкаруу органдарынын жетекчилери кирет.

Кеңештин экинчи жыйынында эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну талкуулоо пландалууда.

Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Сүрөт: Интернеттен алынды.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты