Бишкек-Торугарт жолунда жол кырсыгынан 5 адам каза болду

Бишкек-Торугарт жолунда жол кырсыгынан 5 адам каза болду

Жол кырсыгы

Бишкек-Торугарт  жолунда беш адамдын өмүрүн алган кырсык болду. 

Бишкек-Торугарт унаа жолунун 50-чакырымында (Красная-Речка айылы) 16-декабрда саат 16:25 чамасында “Фольксваген-Пассат” үлгүсүндөгү унаа менен “Тойота-Ипсум” үлгүсүндөгү унаа сүзүштү.

Кырсыктан Пассат унаасы толугу менен күйүп кеткен. “Тойота-Ипсум” унаасындагы 3 эркек киши жабыркап, 4 эркек каза болгон. Мындан сырткары “Фольксваген-Пассат” унаасынын айдоочусу каза болгон. Жол кырсыгынан жалпы 5 адам каза болгон.

Жабыркаган 3 адам “Тез жардам” кызматынын унаасында райондук ооруканага жеткирилген.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги  билдирди.

Сүрөт: Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты