Биринчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында ипподромду реконструкциялаган жеке ишкер кайра камалды

Биринчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Чолпон-Ата шаарындагы ипподромду реконструкциялаган жеке ишкер Эркинбек Мергенбаев кайра камакка алынды. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти.

Биринчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында ипподромду реконструкциялаган жеке ишкер кайра камалды

Маалыматка ылайык, учурда Эркинбек Мергенбаев Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында. Ипподромду реконструкциялоодо акча каражатын максатсыз колдонуу жана бааларды негизсиз жогорулатуу боюнча дагы бир кылмыш иши козголгон.

Буга чейин Эркинбек Мергенбаев контрабанда боюнчяа алты жылга эркинен ажыратылып, эки жарым жылдан кийин колония-поселениеге чыккан. Эркинбек Мергенбаевдин туугандарынын айтымында тергөөнү буга чейин бул иштен четтетилген Айбек Сыдыков жүргүзүп жатат.

Эркинбек Мергенбаев «ПолитКлиника» медиасына берген маегинде “Коопсуздук кеңешинде иштеген Манас Акматов өчөшүп алып, өзүнүн бийлигинен пайдаланып, кылмыш ишин козготуп жатат”,-деп билдирген. Анын айтымында, ал ипподромдун ордуна эчак эле жаңысы курулган. Ага карабастан жок реконструкцияларга экспертиза жүргүзүп, тергөөнү мыйзамсыз жүргүзүп жатышат.

Аталган маекти шилтемеден окуй аласыздар.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты