Асанбек Калдыбаев: “Стипендияны чогултуп, каникулда саякаттайбыз”

Асанбек Калдыбаев АКШнын алдыңкы университеттеринин биринде билим алат. Ал алмашуу программасы менен барып, бекер билим алууга мүмкүнчүлүк алган. Бизге берген маегинде Америкада окуу, кызыктуу окуялары, келечектеги кыялдары менен бөлүштү.

Асанбек Калдыбаев: “Стипендияны чогултуп, каникулда саякаттайбыз”

 

—Мен Калдыбаев Асанбек, 22 жаштамын. Ыссык-Көл облусунун Ак-Суу районунда төрөлүп, өсүп жана мектепти бүткөм. Н.Исанов атындагы КМКТАУ (КГУСТА) окуу жайында архитектура тармагында билим алып жаткам. Учурда АКШ Indiana State University окуу жайында архитектура жана инженериялык технологиялары факультетинде окуп жатам. «Global UGRAD»программасы боюнча 2019-жылы май айында окуум бүтөт, анан кайра Кыргызстанга кайтып КМКТАУда окуумду улантын, акыркы курсту бүтүрөм. Бул жакта август айынан бери окуп жатам. Негизи «Global UGRAD» Academic Exchange Program программаны жана башкаларды да улуу эжемден билгем. 2015-жылдан бери эки жолу тапшырып өткөнгө билимим жетишсиз калган. Үчүнчү жолу 2017-жылы программага кайра тапшырып, 2018-жылдын башында жарым-финалга өткөнүмдү телефон аркылуу АКШнын элчилигинен маалымдашты. Жарым-финалда болсо АКШнын элчилигинин кызматкерлери менен маектешүү болуп, бир айдан кийин ал этаптан да өткөнүмдү  кабарлашты.

— Эки жолу өтпөй калгандан кийин үмүтүңүздү үзбөй, кайра тапшырууга эмне же ким мотивация берди?

— Чынын айтканда, мага көп нерсе биринчи жолудан эле буйрубайт.
Биринчиден, эжем АКШда окуп, жашагандыктан, чанда гана бирок кызыктырып айтып берчү. Ошондо мен да барып көрүп, билим алгым келчү. Үй-бүлөм эң негизги мотивация булагым болуп келет. Ата-энемдин үмүтүн үзүүгө менде укук жок деп таятам өстүргөн. Экинчиден, биринчи курстарымда «Прогрессивдүү кыргызстандыктар» уюмунда стипендиант элем, ал жакта менин устатым (менторум) Америка, Турция жана Италияда окуп келген Салия эжем да көп жолу чет өлкөлөргө чыгып, билим алып келишимди айтып колдоочу. Үчүнчүдөн, менин досторум да абдан билимдүү жана чет өлкөлөрдө окуп келишкен балдар-кыздар. Ушул үч чөйрөмдүн мага болгон үмүттөрүн, келечекте өлкөбүздө туруктуулуктун курулушуна салым кошкум келген ойлорум онунчу жолу өтпөй калсамда мени сынбаганга алып барышат. Бирок үчүнчү жолу өтүп кеткениме миң мерте ыраазымын (күлүп).

— Программа кандай мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берди?

— Программа толугу менен баардыгын камсыз кылат. Жатаканам, тамак-ашым, окуумду төлөп беришет жана алардан сырткары, ай сайын 300 доллар стипендия менен да камсыз кылышат. Ал стипендияны чогултуп Американы каникулдарда кыдырабыз.

Асанбек Калдыбаев: “Стипендияны чогултуп, каникулда саякаттайбыз”

— Америкага жаңы барганда сизди таң калтырган нерселер болдубу?

— Бул жактагы элдин кызматын так аткарганы, жарандардын өлкө алдындагы жоопкерчилик аң-сезими жана окуу жай, полиция, саламаттыкты сактоо тармагынын системалары абдан таң калдырды. Башымда көптөгөн суроолор пайда болду эле. Алардын бири,  «кантип ушунун баарын иретине келтирип иштеп чыгышты экен?» деген суроо көпкө чейин уйку берген жок.

— АКШнын билим берүү системасында кандай өзгөчөлүктөр бар экен?

— Билим берүү системасы абдан өнүккөн экен. Ар бир мугалим ар бир студентке сабакты түшүндүрүп жана алган билимди ийгиликтүү колдонууга үйрөтөт. Мен бир жумада ар бир мугалим менен кезигип окуудагы прогресстеримди жана кандай кемчиликтерим бар экенин угуп турам. Мындай нерселерди эч качан көргөн эмес элем. Абдан жагып , билим алуума чоң таасири тийди. Коррупция эмне экенин окуу жайлардагы студенттер түштөрүндө да көрүшкөн эмес. Бирок, тыйындын экинчи тарабы да бар. Бул укмуш системанын экинчи жүзү-аябай эле кымбат жана студенттердин арасында мамлекеттен студенттик кредит алып төлөй албай кыйналгандар көп экен.

Бир жолу түнү бою экзаменге даярданып жатып китепканада уктап калыптырмын. Ага чейин мени профессорум китепканада көп көрчү. Бир маалда уйкудан ойгонуп саатты карасам экзамендин убактысынан кечигип калыптырмын. Шашып китептеримди чогултуп жатсам профессорум өзүнө анан мага деп кофе көтөрүп келе жатыптыр. «Мен да студент кезимде китепканада уктап калчумун”,-деп кофе алдында окуясын айтып берип, андан кийин эки («F») коюп, эки сааттан кийин экзаменди кайра тапшырткан. Анда болсо барып беш алганы аркет кылып беш минус алып калгам. Кечээ күнү ошол сабактан экзамен бергем. Бүгүн электрондук окуу порталына беш плюс (+А) деген баа коюп, «Абдан жакшы бирок, дагы жакшы кылганга аракет кыл»,- деп кат жазып коюптур агай.

Асанбек Калдыбаев: “Стипендияны чогултуп, каникулда саякаттайбыз”

Келечектеги 5 жылдын ичинде окууларымды бүтүрүп (магистратураны да), досум менен болгон жеке ишибизди бутуна бекем тургузуп, жана алдыңкы 10 жылга жол таптап бизнес, үй-бүлө жана элге пайда алып келген жаран катары өнүгүп-өсүү деген ойлорум бар келечекке. Негизи досторум Билимбек, Солтобек үчөөбүз келечекте өлкөнүн билим берүү системасын, шаарлардын туруктуулугун жана жараандарыбызды ийигиликтүү болуусун көп сүйлөшүп, пландап келебиз. Буюрса, «тытынсак» эле жетебиз баарына.

Global UGRAD алмашуу программасы шарттары, мүмкүнчүлүктөрү:

Мүмкүнчүлүктөрү:

—АКШга баруу жана кайра кайтуу үчүн авиабилеттерди камсыздоо;

— Университте бекер билим алуу;

— Тамак-аш жана турак жай менен камсыздоо;

— Медициналык камсыздандыруу;

—Керектүү китептер;

— Ай сайын берилүүчү стипендия.

Талаптары:

Глобалдык UGRAD бардык академиялык тармакта окуган студенттер үчүн ачык. Расасы, жынысы, сексуалдык ориентациясы, дини, этникалык тиешелүүлүгү, майыптыгы боюнча дискриминацияга жол бербейт.

— Программанын башталышына 18ден жогору жаштагылар;

—Глобалдуу UGRAD програаммасынын мүчөсү болгон өлкөнүн жарандары же ошол өлкөдө жашагандар;

— Жеке же мамалекеттик болобу, аккредитациядан өткөн университетте жакшы репутацияга ээ болгон, бакалаврда окуган, программа бүткөндөн кийин өзүнүн университетинде жок дегенде бир семестр окуй турган студенттер;

— Англис тилин оозеки жана жазуу түрүндө жакшы билгендер;

— 2019-жылдын август айында же 2020-жылдын январь айында АКШда окууну баштоого мүмкүнчүлүгү болгондор;

— Программа бүкөндөн кийин Кыргызстанга кайтып келүүгө милдеттүү болгон студенттер катыша алышат.

Кимдер катыша албайт?

—АКШнын жарандары же туруктуу жашоочулары;

— Башка программалар менен чет өлкөдө окуп жүргөн студенттер;

— Университетти аяктагандар;

—АКШнын департаментинин же эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин жергиликтүү кызматкерлери;

—АКШнын департаментинин же эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин жергиликтүү кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрү;

Катышуу үчүн өтүнмө www.worldlearning.org сайтында кабыл алынат. Өтүнмө 2018-жылдын 31-декабрына чейин кабыл алынат.

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты