Транспорт министри кетүүгө арыз жазды

Транспорт министри кетүүгө арыз жаздыТранспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов кызматтан кетүү боюнча арызын жазды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат бөлүмү кабарлады.

Буга байланыштуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев президент Сооронбай Жээнбековго министр Жамшитбек Калиловдун отставкасын кабыл алуу тууралуу сунуштаманы киргизди.

14-декабрда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков транспорт министринин “ири өлчөмдө пара алган” деген шек менен кармалган орун басары Азимкан Жусубалиевге байланыштуу ачууланган. Ал министрди ордунан тургузуп уяткарган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты