Атамбаев Сооронбай Жээнбеков менен элдештирип коюуну Түлеевден суранган

Атамбаев Сооронбай Жээнбеков менен элдештирип коюуну Түлеевден суранганЭкс-президент Алмазбек Атамбаев Бишкек шаарынын мурунку мэри Нариман Түлеевден азыркы Президент Сооронбай Жээнбеков менен элдештирип коюуну суранган.

Бул тууралуу Түлеев «5-каналга» берген маегинде билдирди. Анын айтымында, бул сөздөр эки саясатчы бир учакка түшүп калганда сүйлөшүлгөн.

«Мен Москвада бир ай жүрөрүмдү айтсам, «бир жумада келип кетчи Бишкекке, билетиңди сатып берейин, бизди элдештирип кой» деп суранды Атамбаев.

«Келсем эле мени кабыл ала коймок беле Жээнбеков?» деп сурасам, «Мен жолун билем. Келип менин үйүмдөн чай ичип кетесиң, атайын кызматтар дароо жеткирет, анан сени сөзсүз кабыл алат» деди Атамбаев. Мага экөөңөрдүн чабышып турганыңар жакшы да деп тамашаладым» деп билдирди Түлеев.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты