Мэр Азиз Суракматовдо каржылык кыйынчылыктар болуп жатабы?  “Елизавета” компаниясы курулушчулардын айлыгын бербей жатат

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун жакын адамдарына тиешелүү “Елизавета” компаниясына иштеген жумушчулар айлыгын ала албай жатканын айтып бизге кайрылышты.

Мэр Азиз Суракматовдо каржылык кыйынчылыктар болуп жатабы?  “Елизавета” компаниясы курулушчулардын айлыгын бербей жатат

Замира Сагынаева “Елизавета” курулуш компаниясынын бир нече обьектилеринде иштеп, 525 миң сом акысын ала албай жүргөнүн айтат.

“Елизавета” фирмасында иштеп жатканыма 5 жыл болду. Мен булардын канчалаган обьектилерин бүтүрүп бердим. Азыр булар мага 525 миң сом карыз. Жалпысынан 17 адам иштеген, эки жылдык акыбызды ала албай жатабыз.

Эми ошол акчаны бергилери келбей “Биз сени менен иштешпейбиз. Келбе. Бул жакка жолобо” деп, күзөтчүлөрүн чыгарып, мени киргизбей жатышат.

Актыларыма кол койуп, текшерип алышкан. Эми “Акча жок”,- деп жатышат. Былтыр 200 миң сомду берген эмес. Анткени “Быйылкы обьектини бүтүргөндөн кийин аласың”,-деген.

Эми “Билгениңди кылып ал. Бир жумадан кийин кел. Акча болсо аласың, болбосо бербейм”,-дешти.

Мэрдин уулу Айдар Суракматов болсо “мен келе электе келишим түзгөнсүң, менин ага тиешем жок” деп атат.

“Бүгүн сөзсүз беребиз” дегенинен келсек, кайра туруп “Мени аралаштырбагыла! Мен келе электе эле келишим түзгөнсүңөр” деп жатат. Буга чейин Азиз Суракматов өзү жетектеген. Азиз Суракматов мени өзү Тоголок Молдодогу бизнес борборго алып барган.

Ал жакта жубайынын жетекчилигинде иштегем. Калган акчаны жубайы бербей, “Билгениңди кылып ал”,-деп койду. Жаңы обьектини бүтүргөнүбүзгө үч жума болду, “Жума сайын келип 50 000 сомдон аванс аласың”,- деген.

Айдар Суракматов өзү “Бүгүн сөзсүз болот”,-деп айтты. “Макул. Байкени сыйлайм. Байке мэр болуп кетиптир”,-деп келсек, “Мени аралаштырбагыла”,-деп койду. Компаниянын финансы директору Назира Жумалиева болсо “Бир жумадан кийин кел. Акча болсо аласың. Болбосо мен сага акча тууйунбу? Сен мени ээрчибе. Көзүмө көрүнбөй кет”,-дейт.

Мен анан мэрияга бардым, мэрдин кеңешчиси чыгып, “Чечип беребиз” деген. Ошону менен жок.

Рахат, жумушчу:

— Биз жумушубузду бүтүргөнбүз. Бир дагы сом ала элекпиз. Мына үчүнчү жума болуп атат, “ана-мына”,-деп акчабызды бербей жатат.

Артур, жумушчу:

— Иштедик, акчабызды бербей жатышат. “Бүгүн-эртең” деп коюшат. Үч жумадан бери күтүп жүрөбүз. Мен го бир эле обьектиде иштедим, бул эже бир нече обьектиде иштеген. Биз болгону өзүбүздүн тапкан акчабызды сурап жатабыз. Башканын бизге керекги жок.

“Елизавета” компаниясына кирип, бул маселе боюнча кайрылганыбызда, бизге жооп бере ала турган эч ким жок экенин айтышты. Ал эми куруучулар финансы директору ордунда экенин, болгону бизге чыкпай жатканын айтышты.

Бишкек шаарынын мэри Азизи Суракматов талапкерлиги  каралып жатканда бул компанияны атасы негиздегенин, 2015-жылдан баштап ошол компанияда иштегенин айткан эле.

“Бул компанияны атам негиздеген. 2015-жылга чейин мен компанияда иштеген эмесмин, 2015-жылдан баштап инвестиция директору жана кеңешчиси болуп иштедим. Кызыкчылыктардын кагылышы боюнча айта турган болсом, компанияда 100дөн ашык адам иштейт. Аларды жумуштан чыгарып сала албайбыз. Анын үстүнө 270 көп кабаттуу үйлөр курулуп жатат. Балким, аны бүткөндөн кийин жаңы курулуштарды баштабайт” деп айткан мэр

“Елизавета” компаниясынын өкүлдөрү менен байланышуу мүмкүн болбогондон кийин биз Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы аркылуу Азиз Суракматовдун комментарийин алууга аракет кылдык. Маалымат кызматтын жетекчиси Гуля Алмамбетова бул боюнча компаниянын директору Нуржан Тынымсеитова жооп берерин айтты.

Мындан улам АКШнын президенти Дональд Трамптын окуясы эске түштү. Трамп өзүн башынан мультимиллиардер катары сыпаттап, көрсөтүп келет. Бирок үгүт иштери жүрүп жаткан учурда журналисттер анын байлыгын иликтеп көрүшүп, анын банкротко жакындап калганын жазып чыгышкан. “Эгер өзү банкротко жакындаган адам болсо, анда Президент болуп келип өзүнүн финансылык абалын жакшыртууга жанталашпайбы?” деген суроону беришкен.

Азиз Суракматов дагы эки жылдан бери жумушчуларына айлык-акысын төлөй албай жаткан болсо, финансылык акыбалы чатак болгонун болжоого болобу?

ПолитКлиника

 

 

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты