КСДП фракциясы Кодуранованы вице-спикерликтен кетирди
- 6 лет мурун
- Баяндар
Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын атынан вице-спикер болуп турган Асел Кодуранованы фракция бул кызматтан кетирди.
Ал Бабановго саясий куугунтук болгону тууралуу 12-декабрда күн тартибине маселе коюп, кийинки күнү ал көпчүлүк добуш ала албай калган. Ошондой эле экс-президенттин кол тийбестиги тууралуу мыйзам долбооруна каршы добуш бергендиги себеп болгон.
Кодуранова 2017-жылы вице-спикер болгон, экс-президентке жакын депутат.
Кодуранованын ордуна Аида Касымалиеванын талапкерлиги сунушталып жатканы тууралуу ЖМКда маалымат берилүүдө.
Сүрөт: Интернеттен алынды.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!