Жээнбеков: “Өлгөндөн кийин да туугандары маалым кат алыш үчүн зарыгып кезек күтүп турушат”

Жээнбеков: “Өлгөндөн кийин да туугандары маалым кат алыш үчүн зарыгып кезек күтүп турушат”Президент 14-декабрдагы Коопсуздук Кеңешинин жыйынында  бир катар мекемелерди сындады.

“Жарандарыбыздын ою боюнча Мамлекеттик каттоо кызматкерлери коррупциялык механизмдерди жок кылууга жакшы аракет кылбай жатат. Мен алардын оюна кошулам.

Жарандар шаар бою кыдырып ар кайсы эшиктерди жыртып, керектүү маалым каттарды, кээде таптакыр кереги жок кагаздарды алуу үчүн чуркап жүрүшөт. Буга канчалаган убакыт, каражат, нервдер кетип жатат.

Жарандарыбыз үйлөнүп, балалуу болуп, билим алып жатышат — чиновниктер алардан ар кандай маалым кат талап кылып жатат.

Ал түгүл өлгөндөн кийин да туугандары маалым кат алыш үчүн зарыгып кезек күтүп турушат” деди Президент.

Сүрөттү: Султан Досалиев тарткан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты