Асел Кодуранованы КСДП вице-спикерликтен кетиргени жатканы кабарланды
- 6 лет мурун
- Баяндар
Бүгүн КСДП фракциясы кезексиз жыйынга чогулганы турат. Өздүк маалыматтардын билдиргенине караганда, фракциянын атынан вице-спикерликти ээлеп келген Асел Кодуранованы кызматынан алуу маселеси коюлганы жатат.
Асел Кодуранованын өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок.
Эске салсак, Кодуранова 2017-жылдан бери вице-спикерликти аркалап келет. Ал экс-президент Алмазбек Атамбаевге жакын депутаттардын бири. Экс-президенттин кол тийбестигин алчу мыйзам долбооруна каршы добуш бергенибелгилүү.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!