Санариптештирүү ийгилигине жетүүнүн 13 маселеси

Санариптештирүү ийгилигине жетүүнүн 13 маселеси

Коопсуздук Кеңешинин жыйыны учурунда.

14-декабрда өткөн өлкөдө санарипти өнүктүрүү боюнча чараларды караган Коопсуздук кеңешинин жыйында айтылган сунуштарды эске алуу менен иштеп чыгуу сунушталды.

“Төмөнкү маселелерди кечиктирбей чечүү — өзгөчө мааниге ээ экенин белгилейм” деди Президент Сооронбай Жээнбеков.

«Биздин коом санариптешүүнүн ийгилигин толук сезиш үчүн мамлекетте азыртадан бекем пайдубал түптөлүшү керек.

  1. Жаңы технологиялардын мүмкүнчүлүктөрүн жана артыкчылыктарын түшүндүрүү үчүн бүгүнтөн тартып иш алып баруу зарыл.
  2. Өзгөчө калктын калың катмарына жеткирүү, айрыкча айыл жергесинде кеңири масштабдагы окутуу иштерди баштоо керек.
  3. Эл аралык стандарттарга шайкеш келген инфраструктураны түзүү — эң башкы милдеттердин бири.
  4. Кыргызстандын бүт аймактарында ишенимдүү, жеткиликтүү жана анча кымбат эмес Интернетке жетүүнү камсыз кылуу зарыл.
  5. Маалыматтардын коопсуздугун камсыздап, бүт республика боюнча аймактык дата-борборлорун түзүшүбүз керек. Аймактык дата-борборлору эл аралык кызматташууга жардам берет.
  6. Дата-борборлорун түзүү — ишенимдүү, анча кымбат эмес кубаттуулуктарды пайдалануу аркылуу ишке ашат. Бул ишке энергетиктердин жигердүү катышуусу талап кылынат.
  7. Заманбап санариптик инфраструктура мамлекет, бизнес жана жарандардын ортосундагы өз ара аракеттешүүнүн жаңы платформасын түзүүгө мүмкүндүк берет.
  8. “Акылдуу шаар”, „акылдуу мектеп“, „акылдуу бейтапкана“, „акылдуу ферма“, „акылдуу фабрика“ жана „акылдуу транспорт“ сыяктуу „акылдуу ыкмаларды“ бүт жерде киргизүүгө мүмкүнчүлүк пайда болот.

Ошондо биздин өлкө жаңы технологиялык чечимдердин жана инновациялардын катализатору болуп калат.

  1. Мамлекет өзү жаңы технологиялык чечимдерди кеӊири сунуштоосу керек. Ал үчүн жаӊы технологиялык долбоорлордун жаралышына түрткү берүү зарыл.
  2. Компаниялардын демилгелерин, академиялык коомчулуктун илимий изилдөөлөрүн колдоо керек.
  3. Инновациялык технологиялык парктардын жана лабораториялардын түзүлүшүнө өбөлгө болуу абзел.
  4. Өнүккөн өлкөлөрдүн технологияларын өздөштүрүү жана жайылтуу талап кылынат.
  5. Ушул максатта Кыргызстан эл аралык технологиялык трансфер борборун түзүшү керек.

Жогоруда айткандарды жасасак, Кыргызстандын эл аралык финансы рынокторуна жетүүсү жакшырат.

Бизге эл аралык технологиялык компаниялардын келүүсүнө жакшы шарт түзүлөт.

Кыргызстанга түз инвестициялардын тартылышына жана өлкөбүздө жаңы технологиялардын пайда болушуна жардам берет.

Мен айткан багыттар өлкөнү санариптештирүү шарттарында экономиканы өнүктүрүүгө негиз болот.

Жаңы технологияларды киргизүү — биринчилерден болуп туризм, айыл чарбасы, банк сектору, жеңил өнөр жайы, курулуш секторлордон башталат.

Ошону менен катар жаӊы технологияларды бардык тармактарда, бийликтин бардык бутактарында, өзгөчө укук коргоону ишке ашырууда, сот процессин жүргүзүүдө, саламаттык сактоодо, билим берүүдө, салык жана бажы төлөмдөрүн автоматташтырууда кеӊири колдонуу абзел” –деди Президент.

Сүрөтү: Султан Досалиевдики.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты