Таштандыдан ымыркайдын сөөгү табылды

Таштандыдан ымыркайдын сөөгү табылды

Ымыркайдын сөөгүн ушул коробкага салышкан.

Ош шаарынын таштанды таштоочу жайынан 13-декабрда болжол менен саат 14.40 чамасында ымыркай эркек баланын сөөгү табылган.

Бул тууралуу Ош шаарынын Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Ымыркайдын сөөгүн ошол жерде алюминий таштандыларын чогултуп жүргөн лөлү тектүү аялдар таап алган. Алар полигондун кароолчусуна айтканда, кароолчу милицияга кабар берген.

Ымыркайдын сөөгү картон кутуга салынып, үстү аялдардын ич кийими менен жабылып коюлган.

Ош шаардык милициянын ыкчам тобу ал жакка барды жана  экспертиза дайындалды.

Бул иш боюнча иликтөө жүрүп жатат.

Сүрөт: Ош ИИБ

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты