Президент транспорт министрин иштен четтетип турууну тапшырды

Президент транспорт министрин иштен четтетип турууну тапшырдыМамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков  транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловду иштен четтетип турууну өкмөт башчыга тапшырды. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин жыйынында сөз болду.

Президент бул кылмышка тиешеси барлардын баарын жоопко тартуу керектигин айтты. Министрдин ишиндеги кемчиликтерге карабай Коопсуздук жыйынына келип алганын сынга алды.

Эске салсак, буга чейин УКМК транспорт министринин орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармаган. Ал акчаны министрдин орун басары жол куруу боюнча тендерде чет өлкөлүк компаниянын кызыкчылыгын коргоо үчүн алганы белгиленген.

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты