Сулуулук сырлары:  Фитнес

Сулуулук сырлары:  Фитнес

Модерн фитнестин келип чыкканына жана калыптанганына көп деле убакыт болгон жок. Мындан 50-60 жыл мурун эле эл көчөдө чуркагандарга күлүшкөн. Фитнестин терең тамыры байыркы Римге, согушка барып такалат. Ал эми бүгүнкү фитнестин жөнөкөй идеясы Улуу Британия абактарынан келет. 1818-жылы Вильем Кюбит тегирмендерди иштетиш үчүн абактагыларды азыркы чуркоо машинасына окшош механика менен иштеткен. 1911-жылы Америкада биринчи чуркоо механикасы коомго тартууланган жана ал азыркы фитнестин белгилүү техникаларынын бири.

Азыр сырткы көрүнүш өтө маанилүү болгондуктан адамдар колунан келген нерсени жасоого даяр болуп калгандай. Жакшы формага ээ болуу сулуулуктан да ден соолук үчүн маанилүү. Ашыкча салмакты таштап, келбеттүү болуу үчүн көпчүлүк адамдар фитнес борборго барышат.
Сулуулук сырлары:  ФитнесСырткы келбет абдан маанилүү роль ойноп калды, кээ бирлерибиз ал үчүн бычак астынан өтүүгө да даярбыз. Бирок сулуулуктун эң башкы белгиси — чың ден соолук. Баарыбыз эле фитнестин жардамы менен Кардашьян же Арнольд  Шварценеггер болуп кетпесек дагы, машыгуу менен өзүбүзгө болгон ишенимибиз артат жана денебиз булчуңдуу боло түшөт.

Арыктоонун сыры фитнесте эмес

Адамдар толуп кеткенде «мага фитнес калорияны көп иштетүүгө жардам берет» деп ойлошот. Албетте, фитнес жардам берет, бирок туура тамактанбасаң, канча кыймылдаба, ал деле жардам бере албайт. Толуп кетүү  учурдагы калориялуу тамактануудан, туш келди тамактануу адаттарынан келип чыккан.

Адам денесинин негизги калорияны иштете турган үч системасы бар. Алар дем алуу, тамак иштетүү жана кыймыл. Дем алуу эң көп калорияны иштетет. Физикалык кыймылдар болсо калориянын 30 пайызын гана иштетет.Сулуулук сырлары:  Фитнес
Калория иштетүү боюнча байкоо жүргүзүүдө окумуштуулар кызыктуу натыйжаларга туш болушту. Окумуштуулар Африкадагы Хадза аттуу аңчынын, терүүчү-жыйноочулардын калория иштетүүсү тууралуу маалымат жыйнашкан. Хадза уруусундагылар өтө активдүү, кечке талаада тамак издеп жүрүшөт. Изилдөөнүн негизинде чыккан жыйынтыктарга караганда, офисте күнүн өткөргөн шаардыктар менен ысык талаада аңчылык кылгандардын иштеткен калориясы окшош чыккан.   Бирок Африкадагы аңчылар тобунун дене түзүлүшү түз жана арык болсо,  шаардыктардын көп көйгөйлөрү бар. Окумуштуулардын айтуусунда шаардыктар же негизи эле адамдар ашыкча жана туура эмес тамактанышат. Биздин энергия иштете турган системабыз бизден да куу болот. Барга жок дебейт, ошондуктан аны тарбиялоо керек. Мисалы, үйдө ары өтүп, бери өтүп өзүбүз билип-билбей ар нерсени жей беребиз. Ал аз келгенсип, сиңиши кыйын болгон тамактарды жеп жатабыз. Мисалы, эки ширин пончиктин эле калориясын иштетип бүтүрүү үчүн 1 саат жакшылап велосипед тебүүгө туура келет. Ошондуктан туура тамактанбасаңыз, канча машыкпа, эңсеген формага жетүүгө фитнес дагы жардам бере албайт.

Фитнес – ден соолук башаты

Бүгүнкү күндө дайыма кыймылдоо жана машыгуу маанилүү. Анткени адамдар барган сайын интернет, компьютер, машиналарда олтуруп, телевизор көрүп жана офистерде убакыт өткөрүүдө. Адамдардын ашыкча кыймыл жасабай бир жерде отуруусу ден соолукка өтө коркунучтуу. Мисалы, көп отуруу  диабет, нерв орууларына алып келиши мүмкүн. Изилдөөлөрдүн негизинде берилген маалыматка караганда, жылына 5 миллион адам кыймылсыздыктын айынан каза болушат экен (2015). Негизи биздин денебиз отурганга эмес, тик турганга ыңгайлашкан.
Фитнеске баруу, машыгуу ден соолугуңузга жасай турган жакшылыктардын маанилүүсү. Анткени фитнеске барып, машыккандан кийин тамак иштетүү, зат алмашуу, кан айлануу системаңыз жакшырат. Кан айлануунун жакшырганы маанайыңызга дагы жакшы таасир берет. Фитнес бир гана келбетиңизди келишимдүү кылбастан менталдык жагдайды да жакшыртат. Фитнес стресс, депрессияны азайтат. Өзүңүз деле чуркагандан кийинки сонун сезимди сезгенсиз да.
Фитнес тренди Бишкекте дагы акыркы жылдары кескин түрдө өстү. Көчөдө сулуу кыздар менен булчуңдуу эркектердин сүрөттөрүн көрсөтүп, ден соолугу чың жашоо стилин пропагандалагандарды шаарыбыздын ар бөлүгүнөн көрүүгө болот. Алардын бири жаңы эле ачылган «Change»  деп аталган фитнес борборунун жүргүзгөн ишине, максаттарына кызыгып көрдүк.

Сулуулук сырлары:  ФитнесИльяз Курамаев, «Change»   фитнес борборунун уюштуруучусу: “Фитнестин артыкчылыгы ал адамдарга жагымдуу, келишимдүү келбет бере алат”

Ильяз Курамаев — фитнес борборун уюштуруучуларынын бири. Алардын клубунун ачылганына бир ай боло элегине карабастан фитнес менен машыгууну каалагандардын саны көп болуп жатканын айтат.

“Студенттик жылдары ар түрдүү фитнес, спорт борборлоруна барып жүрчүбүз. Ошондо фитнес борбор ачсак деген идея пайда болгон. Ошонун артынан аракет кылып жүрүп,  мына эми ачтык” деди ал.

—Фитнес спорттун түрү болуп эсептелеби?
—Ооба, спорт деп эсептейм. Спорттун ар бир түрү  адамдын абалын, саламаттыгын, дене түзүлүшүн жакшыртып,  өнүктүрүүгө багытталган. Мисалы, шахмат, киберспорт сыяктуу оюндар адамдын интеллектуалдык мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүүгө багытталса, спорттун башка түрү, мисалы, булчуңду чымыр кылууга багытталат. Фитнес болсо ошонун баарын камтыйт.

—Эмне үчүн фитнеске баруу керек? Мисалы, спорттун башка деле түрүнө барып,  ден соолукка кам көрсө болот го?
—Адам өзү кызыкчылыгына карап тандап алат го деп ойлойм. Көбүнчө адамдар спорттун популярдуулугуна карашат. Атактуулар же кумирлердин аркасынан кандайдыр бир спортко карай кетишет, мисалы, футбол, фитнес жылдыздарынын бири — Арнольд  Шварценеггердин артынан. Ал учурунда фитнести, бодибилдингди пропагандалаган жана көп жетишкендиктерге жетишкен. Эмне үчүн фитнес? Фитнестин артыкчылыгы ал адамдарга жагымдуу, келишимдүү келбет бере алат. Мисалы, спорттун кээ бир түрүнө катышканда колдун булчуңдары чоңоюп кетет, кээ бирлеринде буттун булчуңдары башкалардан айырмаланып калат. Ал эми фитнесте болсо адамдын денесине бүтүндөй карап, ошого жараша тренерлер атайын программа менен машыктырат. Фитнесте деле мелдештер бар.

—Фитнесте идеалдуу дене түзүлүшү кандай?
—Ар бир адам уникалдуу. Сулуулук субьективдүү болот эмеспи, фитнесте андай деле талаптар жок. Кимге кандай жагат, ошого жараша. Менимче, адам фитнес менен машыкканда өзүнүн денесин жакшы көргөнгө үйрөнүүсү керек. Башка бирөөлөргө теңелүү же салыштыруу туура эмес деп ойлойм.

—Фитнес аркылуу арыктаган жеңилби же салмак кошконбу?
—Бул дагы ар бир адамга байланыштуу. Ар бирибиздин дене түзүлүшүбүз, ден соолугубуз ар түрдүү. Ошондуктан ар бирибизге ар түрдүү программалар керек. Кээ бирлерине башкаларга караганда оорураак же жеңилирээк болушу мүмкүн. Ошондой эле салмак кошуу деле адамдардын дене түзүлүшүнө жараша болот. Бардык нерсе фитнеске байланыштуу болот деген туура эмес. Мисалы, адам кандай жашоо образын алып барат, кандай уктайт, моралдык жагдайы, кыскасы, жашоонун ар тараптары дагы таасир берет. Ошол үчүн да фитнесте атайын тренерлер бар.

—Фитнестин терс жактары да барбы?
—“Тең ортосу” — “Золотая середина” деген болот. Ашыкча басым жасоо дагы туура эмес болуп калат. Адамдар өзүнө ыңгайлуу тренер табышы керек. Негизи фитнесте терс жагдайлар көп деле учурабайт. Бизде, кайра тескерисинче, ар түрдүү жаракатты айыктыруу үчүн программалар бар.

Ильяс Анарбай уулу

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты