Экс-президенттин кол тийбестиги алынчу мыйзам долбоору 1-окууда өттү

Экс-президенттин кол тийбестиги алынчу мыйзам долбоору 1-окууда өттүЖогорку Кеңеште Президенттин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору бүгүн, 13-декабрда, каралып, биринчи окууда кабыл алынды.

Мыйзам долбоорун депутаттар Курманкул Зулушев менен Исхак Масалиев демилгелеген.    Ал мыйзам долбооруна ылайык:

—Президент кызматынан кеткенден кийин аны кылмыш жообуна тартуу боюнча Конституция ченемдери киргизүү жагы каралууда. Ошондой эле:

—Президенттин өзү менен кошо жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө жеңилдиктерден пайдаланууну чектөө ченемдери киргизилет;

—Президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүн жана ден- соолугун камсыздандыруу ченемдери алынып салынат;

—Экс-президенттин үй-бүлө мүчөлөрүн акысыз медициналык тейлөө ченемдери алынып салынат: эгер экс-президент сот жообуна тартылган болсо, анда анын кепилдиктеринин баары алынып салынат:

—Экс-президент дүйнөдөн кайтканда анын үй-бүлөсүнө акысыз транспорт берүү ченеми алынып салынсын: ошондой эле каза болгон күнү экс-президентти медициналык жактан тейлөө укугу алынып салынат;

—Мыйзамдын 18-беренеси алынып салынат. Мындан ары экс-президенттин кадыр-баркын коргоо жагы экс-президенттин өзүнө жүктөлсүн деген өзгөртүүлөр киргизилгени жатат.

Бул тууралуу Жогорку Кеңещтин басма сөз кызматы билдирди.

 Сүрөт: Жогорку Кеңештин басма соз кызматыныкы.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты