Строкова: “Окуу китептериндеги каталар үчүн министр жооп бериши керек”

Строкова: “Окуу китептериндеги каталар үчүн министр жооп бериши керек”Бүгүнкү, 13-декабрдагы, ЖК жыйынында депутат Евгения Строкова окуу китептериндеги каталарга министр өзү жооп берсин деди.    

Окуу китептери Билим берүү, илим министрлиги тарабынан сунушталгандыктан, ар кимдерге шылтай бербей, каталар үчүн министрлик менен министрдин жеке өзү жооп бериши керек экенин ЖК депутаты Евгения Строкова билдирди.

«Окуу китептеринин даярдалышына эмне үчүн мынчалык кайдыгер мамиле жасалып жатканына түшүнүү кыйын. Министр аны авторлорго, басмаканаларга, Билим берүү академиясына шылтап келет. Алар ал мекемелер министрликке караштуу экенин билбей калышса керек же билгиси келбейт», — деди депутат.

Сүрөт: Интернеттен алынды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты