Миллиондогон гранттарды алган окумуштуулар балдар бакчасын талашып жатат

Миллиондогон гранттарды алган окумуштуулар балдар бакчасын талашып жататОкумуштуулар айыл-чарба изилдөө институтунун атын жамынып миллиондогон гранттарды алып максатсыз пайдаланып келет. Бул тууралуу ЖК депутаты Элвира Сурабалдиева билдирди.

Анын айтымында,  Сокулук районундагы Фрунзе айыл өкмөтүнүн мурдагы «Чебурашка» балдар бакчасын айыл өкмөт менен Айыл-чарба изилдөө институту үч жылдан бери талашып келет. 15 миң калкы бар айыл өкмөттө бала бакчасы жок.  «Ушул эле жазда ал өкмөттүн токтому менен айыл өкмөттүн балансына өткөрүү тапшырган. Бирок, кайра эле Айыл-чарбасын жана жайлоолорду изилдөө деген институт бар экен, ал артка алып коет экен. Ошентип айыл өкмөт менен институттун ортосундагы талаш токтобой, үчүнчү жолу комиссия түзүлүп жатат.

Ызы-чуусу эмнеден экенин текшерип көрсөк, биздин окумуштуулар институттун аты менен миллион долларлаган гранттарды алышып, анын артынан кылмыш иши козголуптур. Экинчи жагы 300 гектар жерди институт алып алып, кайра элге үч эсе кымбат баада ижарага берип атыптыр. Иш козголгонуна канча ай болсо дагы, баш-аягына чыкпай келет. Мына ушуну чечип беришиңерди мен талап кылам» деди депутат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты