Нуркан Турсунбаевди өлтүрүүгө буйрутма алды деген шектүү кармалды

Укук коргоо кызматкерлери Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Нурканбек Турсунбаевди өлтүрүүгө буйрутма алды деген шектүүнү кармашты. Бул тууралуу ИИМдин пресс-кызматынан билдиришти.

Нуркан Турсунбаевди өлтүрүүгө буйрутма алды деген шектүү кармалды

 

Маалыматка ылайык белгисиз эки жаран шектүүгө 10 000 доллар сунуштап, алгачкы акы катары 1000 доллар беришкен.

Буга чейин пресс-конференцияда Турсунбаевдин жубайы, КР эмгек сиңирген артисти наамына байланыштуу талаш-тартыштын айынан Нурканбек Турсунбаевди өлтүрүүгө буйрутма беришкенин билдирген. Анын кайрылуусу менен А.Б аттуу Турсунбаевдин кесиптеши эмгек сиңирген артиси наамын алып, бирок диплому жасалма болгону комиссия аркылуу аныкталат. Ошондон кийин Нурканбек Турсунбаевди ур-токмокко алып кетишет. Ошондой эле укук коргоо органдары бул ишти ачууда начар иштеп жатышканын артисттин жубайы кошумчалаган.

ИИМден Нурканбек Турсунбаевдин сабалышы боюнча ушул жылдын ноябрь айында 234-берене («Бейбаштык») менен кылмыш иши козголгон. Ал эми адам өлтүрүүгө буюртма берүү фактысы боюнча октябрда 27-97-беренелердин («Адам өлтүрүүгө даярдануу») негизинде кылмыш ишин козгогон. Быйыл жазда документтерди жасоо фактысы боюнча иш козголгон болчу.

Укук коргоо органдары шектүү А.А. нын ким экендигин аныкташкан. Ал берген көрсөтмөсүнө ылайык, Нурканбек Турсунбаевди өлтүрүү үчүн эки белгисиз жаран кайрылып, 10 000 доллар сунушташкан жана алдын- ала 1000 доллар беришкен.

Башында шектүү тергөө менен кызматташып турган, кийин качып кеткен. 2018-жылдын ноябрь айында ага издөө салынып, 12-декабрда кармалган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат жана бул иш ИИМдин көзөмөлүндө.

Нурканбек Турсунбаев-актриса Таттыбүбү Турсунбаеванын иниси, комузчу, манасчы, кино жана театр актеру.

(Сүрөт интернет булактарынан алынды)

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты