“Жылуулук энерго” менен Көчмө колонна жетекчилерине кылмыш иши ачылды

“Жылуулук энерго” менен Көчмө колонна жетекчилерине кылмыш иши ачылдыУКМК Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан “Кыргызжылуулукэнерго” жана “Чүйдөгү адистештирилген көчмө механикалык колонна” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигине мүлктү ыйгарып алуу фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси боюнчп кылмыш ишин козгоду.

2016-жылдын 1-августунда “Кыргызжылуулукэнерго”  ишканасы “Балыкчыдагы жылуулук менен жабдуу ишканасы” жана “Орловкадагы жылуулук менен жабдуу жана суу берүү ишканасы” үчүн 22 млн.854 миң сом суммадагы от казан сатып алууга сынак өткөргөн.

Сынактын жыйынтыгында 2016-жылдын 19 — сентябрында “Балыкчыдагы жылуулук менен жабдуу ишканасына” 4 от казан жана Орловкадагы жылуулук менен жабдуу жана суу берүү ишканасына 1 от казан орнотуу үчүн  “Чүй адистештирилген көчмө механикалык колонна” мамлекеттик ишканасы менен 20 млн. 20 миң сом өлчөмүндөгү келишим түзүлгөн.

Бирок “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасы аткарылган жумушту эске албастан, келишимдин шарттарын бузуу менен “Чүй адистештирилген көчмө механикалык колонна” эсебине 12 млн.900 миң сом которуп берген.

Текшерүүнү натыйжасында “Кыргызжылуулукэнерго” ишканасынын кызматкерлери “Балыкчыдагы жылуулук менен жабдуу ишканасы” үчүн сатып алган от казандары бүгүнкү күнгө чейин иштебей турат. Азыркы убакта тергөө иштери жүрүп жатат.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты