Төрөбаев: «10% өөнөмөй жоюлган жок”

Төрөбаев: "10% өөнөмөй жоюлган жок”Мамлекеттик кадрлар өлкөнүн эмес, жеке кызыкчылыгын ойлоп калды. Алар  жетектеген мекемелерди жеке компанияга же бизнес-аянтчага айландырып алышты деп депутат Бакыт Төрөбаев ЖКда 13-декабрда айтты.

«Аткаминерлер эч кимден корпой, өздөрүнүн кызмат абалынан пайдалануу менен, пара алып жатышат. Мурдатан келаткан 10 пайыз өөнөмөй өнөкөтү жоголгон жок.

Жакында транспорт министринин орун басары 520 миӊ доллар пара менен кармалды. Бул жолдун бир эле участкасынан алынган пара. Алар жол куруудан 1,5 пайыз насыя каражатты өөнөшөт экен,- деди депутат.

Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Сүрөт: Интернеттен алынды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты