Парламентте Бабанов боюнча маалымат угуу колдоо тапкан жок
- 6 лет мурун
- Маек
Мурда депутат Максат Сабиров Бабанов боюнча Баш прокуратура менен Улуттук Коопсуздук комитетинин маалыматын угууну күн тартибине киргизүүнү сунуштаган. Ал сунуш өткөн, бирок кароого убакыт жетпей калган. Бүгүн, 13-декабрда, ал сунун колдоого ээ болгон жок.
Бабанов боюнча күч органдарынын маалыматын угууга экс-президент Алмазбек Атамбаевдин “Апрель” телеканалына берген интервьюсунда Бабанов улуттар аралык кастыкты козутуу боюнча айыбынын иш жүзүндө андай эмес экенин көрсөткөнүн, ал айыпты алып салуу керектигин билдиргени негиз болгон.
Айта кетсек, Өмүрбек Бабанов 2017-жылы президенттик шайлоого талапкер катары катышып, жеңилип калган. Андан кийин ага шайлоо өнөктүгү учурунда улуттар аралык кастыкты козуткан деген айып тагылып, кылмыш иши ачылган.
УКМК төрагасы Идрис Кадыркулов учурда ал кылмыш иши токтотулганын билдирди.
Сүрөт: Интернет булактарынан.