«Коопсуз шаар»: Тез жардам, өрт өчүрүү кызмат унаасына GPS навигация коюлат»

«Коопсуз шаар»: Тез жардам, өрт өчүрүү кызмат унаасына GPS навигация коюлат»“Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруудагы өзгөчөлүктөр  тууралуу Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Б.Шаршембиев «Парламент» уктуруусунда айтты.

Видеотасмага түшүрүлгөн кыймыл – аракеттердин бардыгы Мамлекеттик каттоо кызматынын жана “Транском” ишканасынын маалымат базасында сакталат.

«Биометрикалык байкоо боюнча бетинен, басканынан таануу экинчи этап менен ишке ашат. Тез жардам, өрт өчүрүү кызмат унаасына GPS навигация коюлат» — дейт Б. Шаршембиев.

Бишкек шаарындагы 38 көчөгө орнотулчу видеокөзөмөлдөн тышкары Бишкек – Чалдовар, Бишкек – Манас аэропортун байланыштырган жолго да коюла турган видеокөзөмөлдөө жабдуулары бар.

Ушундай эле техникалык жабдуулар Оштун 20, Жалал – Абад 10 көчөсүнө коюлат, — дейт ал.

Жогорку маалымат технологиялары боюнча 40тан ашык парк иштеп жатат. Андагы каражаттардын айлануусу 500 млн. сомдон жогорку сумманы түзөт.

Айта кетсек, “Коопсуз шаар” долбоорун орусиялык “Вега” компаниясы ишке ашырганы турат.

“Коопсуз шаар” долбоору 2019 – жылдын январь, февраль айларына туура келет. 2020 – жылга чейин ар бир айылга интернет жеткирилет.

 

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты