Жол коопсуздугун сактоочулар менен соттордун коррупция схемасы ачылды

Жол коопсуздугун сактоочулар менен соттордун коррупция схемасы ачылды

Иллюстрациялык сүрөт

Коррупцияга каршы кызмат мас абалында машина башкаргандарды кармаган милициялар менен алардын ишин караган соттордун коррупциялык схемаларын аныктады.

Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 238-беренеси боюнча  төлөнүүчү айып акыны Бишкектин Октябрь райондук сот кызматкерлери ыйгарып алгандыгы аныкталды.

Октябрь районунун айрым соттору жол эрежелерин бузгандардын ишин караган  сот отурумдарын өткөрбөтөн эле, мыйзам бузуучуларды административдик жоопкерчиликке тартуу чечимин чыгарган. Бирок мыйзам бузгандар жоопкерчиликке тартылбай, соттун өкүмдөрү аткарылбаган бойдон калган.

Бишкек шаардык Ички иштер башкармасынын Жол коопсуздугун сактоо кызматкерлери, административдик укук бузуулар боюнча сот органдары чечим кабыл алганга чейин эле машиналарды ээлерине кайтарып берип турган.

2018-жылдын 9-октябрында Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренесинин боюнча кылмыш ишин козгогон.

Алдын ала маалыматтарга ылайык Октябрь райондук сотунун  кызматкерлеринин, анын ичинде соттун жардамчысы Д.Алмас уулунун  мыйзамсыз иш – аракеттери мамлекетке 1 млн. сомдон ашык зыян келтирген.

Октябрь райсотунда жалпысынан 1395 административдик материалдар жок кылынганы аныкталды.

2018-жылдын 13-ноябрында сот жардамчысы Д.Алмас уулу Кылмыш-жаза кодексинин 94-беренеси менен УКМКнын тергөө камак жайына киргизилген.  Д.Алмас уулуна карата КР Кылмыш-жаза 166-беренесинин негизинде айып коюлду. Бул берененин белгилери алдамчылык — бирөөнүн мүлкүнө ээлик кылып алуу же алдоо жолу аркылуу мүлккө ээ болуу же бирөөнүн ишениминен жана кызмат абалынан пайдалануу менен ири өлчөмдөгү кылмыш.

2018-жылдын 15-ноябрында Бишкектин Биринчи май райондук соту Алмас уулу Д.ны  тергөө аяктагыча Жаза аткаруу кызматынын №1 тергөө камак жайына киргизүү чечимин чыгарды. Тергөө жүрүп жатат.

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты