Бурулайдын жакындары милиция кызматкерлерине карата тосмо арыз жазды

Бурулайдын жакындары милиция кызматкерлерине карата тосмо арыз жаздыЖабырлануучу Турдаалы Кожоналиев эки милиция кызматкерине карата кылмыш ишин токтотуу жөнүндө тосмо арыз жазды. Анын өтүнүч катын жактоочусу Есения Рамазанова сотко билдирди. Алар Марс Бөдөшевдин автоунаасын токтотуп, Жайыл райондук ички иштер башкармалыгына жеткирип барган, жол коопсуздугун тейлеген инспекторлор. Сот аны ишке тиркеп, жараяндын аягында чечим чыгаарын билдирди.

Бишкектин Аламүдүн райондук сотунда Бурулай Турдаалы кызынын өлүмүнө байланыштуу милиция кызматкерлерине карата козголгон иш каралып жатат. Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн беш кызматкерине Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренесинин 2-бөлүгү («Ишке шалаакы мамиле») менен иш козголгон. Алар үй камагына чыгарылган. Учурда милиция кызматкерлери сурак бере баштады. Алардын төртөө күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алып, бирөө такыр мойнуна алган жок.

Бурулай Турдаалы кызынын өлүмүнө байланыштуу 23 милиция кызматкери жазаланып, 13ү иштен бошотулган. Бул иш боюнча 11-декабрда соттолгон Марс Бөдөшев жана Акмат Сейитов да күбө катары көрсөтмө беришет.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты