«Оптима банк»: “Зилалиевдин ячейкасы келишим мөөнөтү бүткөндүктөн ачылган. УКМКнын тиешеси жок”

"Оптима банк": “Зилалиевдин ячейкасы келишим мөөнөтү бүткөндүктөн ачылган. УКМКнын тиешеси жок”Оптима банк Дүйшөнбек Зилалиевдин банк ячейкасындагы акчаларынын ачылганына бир жылдан ашканын, ага УКМКнын тиешеси жок экенин, ал ячейка банк менен кардардын ортосундагы келишим соңуна чыккандыгына байланыштуу ачылганын билдирди.

“КР Улуттун банкынын инструкциясына ылайык, банк кызматкерлери ячейканы ачып, анын ичиндегилерди видеого тартып, андан кийин аны кардарына берет. Бул тууралуу кардарга бир ай мурун айтылган, бирок ал банктагы акчаны алууга келген эмес. Бул видео банк кызматкерлери тарабынан тартылып, анын ичиндегилер кардарга өткөрүлүп берилген.

Банк кардар алдынжа өз милдетин, Кыргыз улуттук банктын бардык талаптарын аткарган” деп билдирди.

Банк   маалыматтарды купуя сактайт жана жарыя кылбайт, банк купуялыгын сактайт. Маалыматтарды тергөө органдарына берүүгө банктын тиешеси жок” деп билдирди.

Ал эми видеону УКМК өзүнүкү катары тараткан.

Зилалиев кечээ жакында өлкөдөн чыгуу аракети учурунда УКМК тарабынан кармалган. жана ага мыйзамсыз баюу беренеси менен кылмыш иши козголгон. Зилалиеадин акчалар жана байлыы тууралуу видео көрсөтүлгөн.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты