Бабановдун ишин Жогорку Кеңеште талкуулоону сунушташты

Бабановдун ишин Жогорку Кеңеште талкуулоону сунушташтыЖогорку Кеңештеги “Республика-Ата-Журт” фракциясынын депутаты Максат Сабиров Өмүрбек Бабановдун иши боюнча УКМК менен Башкы прокуратураны чакырып, маалыматын угууну сунуштады. Ал парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып буга экс-президент Алмазбек Атамбаевдин акыркы билдирүүсү негиз болорун белгиледи.

«Экс-президенттин сөзүндө “Өмүрбек Бабановго саясий куугунтук боюнча бир топ маселени кайра карап чыкса болот” деп айтылды. Аны Жогорку Кеңеш карап, угуп койбосок болбойт. Анткени «саясий куугунтукта бир топ адамдар бар» деп айтып жатабыз. Өмүрбек Бабанов жөн эле көчөдө жүргөн эмес. Президенттик шайлоодо экинчи орунду алган адам», — деди Сабиров.

Эл өкүлүнүн сунушу түштөн кийин добушка коюлганы калды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты