“1000 сом салып, 8 эсе көбөйтүп ал”. Элди тоногон дагы бир каржы пирамидасы (Фактчекинг)

10-декабрда Гулнур Курбанова аттуу Фейсбук колдонуучусу бир нече тайпаларга “Дари Получай” коомуна болгону 1000 сом менен катталып, андан да чоң акчаларга жетсе болорун айтып, телефон номер тиркелген видеону бөлүшкөн.

“ПолитКлиника” медиасы билдирүүдөгү телефон номер аркылуу байланышып,  “Дари Получай” коому тууралуу маалыматтарды текшерип көрдү.

Тайпаларга тарап жаткан билдирүүдөгү номер “Aigul34” аттуу Телеграм колдонуучусуна таандык. Биз бул номерге байланышып, кандай жол менен акча алсак болорун сурап көрдүк. “Aigul34” өзүн Баткенден болорун, 6 баланын энеси жана үй кожойкеси экенин айтып тааныштырды. Анын сөзүнө таянсак, ал “Дари Получай” коомуна 2023-жылдын август айында катталган жана 4 айдын ичинде 28 000 сом кирешеге чыккан.

“Aigul34” аттуу колдонуучу ага окшоп акчасын салып, көбөйтүп алды делген адамдардын видеолорун жөнөттү. Анда ар кайсы курактагы адамдардын колуна акча тапшырылып жатканын көрүүгө болот. Алар акчаларын “Дари Получайдын” жардамы менен көбөйтүп алышканын айтып, сизди да компанияга катталууга чакырышат. 

Аталган компанияга акчасын салып, адамдарды каттап иштегендердин Телеграмда тайпасы бар. Ал жакта жаңы кошулган адамдарга видео чат аркылуу маалымат берилет. Анда «бул эч кандай каржы пирамидасы эмес, элге жардам болсун деген максатта жасалган долбоор экени, башкы максат бири бириңе белек берүү” деп айтылат. 

“Дари Получай” ишмердүүлүгүн Телеграм бот аркылуу жүргүзөт. Ботту ишке киргизүү үчүн сизди каттап жаткан адам 1000 сом төлөм жүргүзүү керектигин айтат. Төлөм жүргүзгөн соң артыңыздан адам жаздырышыңыз керек болот. “Ийгиликтүү” иштеп жатам дегендердин айтымында, артыңыздан жазылган адамдардын салган акчаларынын баары аны каттаган адамга берилет. Алар боттогу жеке кабинетте белек катары чыгып калат.

Бирок ал сиздин реалдуу эсебиңизге кантип, кандай жол менен акча болуп түшөрү белгисиз. Адамдарды каттап, иштеп жаткандар да бул суроого жооп бере алышкан жок.  

“Дари Получай” кадимки каржы пирамидасы экенин далилдеген дагы бир сүрөт. Бул жакта акча салган сайын баскыч жогорулап, ошончолук көп белек алса болору жазылган. Катталгандар пирамиданын эң жогорку баскычына жеткиси келип, он, жүз миңдеген суммада акча салышат.

“Aigul34” “Дари Получай” Орусиянын компаниясы экенин, бирок Кыргызстандын Юстиция министрлигинен да расмий түрдө каттоодон өткөнүн айтып, “документ” көрсөтүлгөн видео дагы жөнөттү. 

Видеонун сапаты абдан начар болгондуктан, документте жазылгандарды окууга мүмкүн болгон жок. 

Бирок расмий каттоодон өткөн делген “Дари Получай” компаниясын Юстиция министрлигинин базасынан таба алган жокпуз.

Ачык булактардагы маалыматтарга таянсак, “Дари Получай” орусиялык компания. Компаниянын ишмердүүлүгүндө каржы пирамидасынын элементтери аныкталып, 2022-жылдын 4-августунда Орусиянын Борбордук банкынын кара тизмесине киргизилген

Каржы пирамидасы эмне үчүн кооптуу?

Каржы пирамидасы — алдоо жолу менен киреше табуунун бир жолу. Жаңы катышуучуларды тартуу аркылуу акча түшүп, компаниянын кирешеси өсөт. Акчасын салган адам улам жаңыларды тартып, пирамида өсө берет. Бирок коопсуздук органдары мындай компанияларга акча салгандардын кирешеге чыгуусу мүмкүн эмес экенин айтып, эскертип келишет. 

Соңку жылдары Кыргызстанда каржы пирамидасы менен алектенген компаниялардын саны өсүүдө. Эл арасында күмөндүү компанияларга акча салып, бирок кайра ала албай алданып калгандар аз эмес. Буга Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси (Финансы пирамидаларын уюштуруу) менен козголгон бир эмес, бир нече кылмыш иштери далил. Мисалы, 2022-жылы финансы пирамидаларын уюштуруу беренеси боюнча 9, ал эми 2023-жылы 7 кылмыш иши сотко өткөн.

Социалдык тармактар тездик менен өнүгүп жаткан заманда каржы пирамидасы менен алектенген компаниялар ишмердүүлүгүн интернет аркылуу жүргүзүп келишет. Алар манипуляциянын түрдүү ыкмаларын колдонуп, адамды азгырууга аракет кылышат. 

Жыйынтык: Социалдык тармактарда тарап жаткан “Дари Получай” компаниясы — каржы пирамидасы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты