Желим баштыктарга “байыган” Кыргызстан

Желим баштыктарга “байыган” Кыргызстан

Шаар ичиндеги таштанды челектер.

Үстүбүздөгү жылдын 24-февралында  Грузия өлкөсү желим баштыктардан баш тартуунун этаптарын иштеп чыгып, аларды  дүйнө стандарттарына жооп берген  кагаз баштыктарга, тагыраак айтканда, биобаштыктарга алмаштырууну чечти. Ал эми бул маселе боюнча Кыргызстанда абал кандай?

Экономикалык жактан өнүгүп  келе жатканыбыз менен экологияны күндөн-күнгө булгап

Желим баштыктарга “байыган” Кыргызстан

Жол боюндагы таштандылар.

жатканыбыз шексиз. Мурда Кыргызстан жашыл өлкө катары белгилүү болгон болсо, азыр ал мурдагы көркүн жоготуп, таштандыга “байып” бараткансыйт.  Бишкек шаарынын чет жагында таштандыларды кайра иштеп чыккан ондогон майда ишканалар болгону менен, алардын дээрлик бардыгы желим баштыктарды иштеп чыгуу багытында иш алып барышпайт экен. Ага негизги себеп, желим баштыктарды кайра иштеп чыгууга Кыргызстанда жогорку технологиялардын жоктугу. Буга бюджеттин жетишсиздигин шылтоо кылып келишет.

Дүйнө жүзү боюнча  кыркка жакын мамлекет мына ушул полиэтилен баштыктардан толугу менен баш тартып, колдонгондорго  айып пул салып,  алардын ордуна эки жыл ичинде чирип кете турган  биопакеттер, кагаздан жасалган баштыктарды колдонуп келишет. Алардын катарын Англия, Франция, Австралия, Латвия, Италия, Дания сыяктуу мамлекеттер толуктап келет. 2008-жылы бул баштыктарды колдонуудан Кытай дагы баш тартты. Бирок Кытай өзү баш тарткан ошол эле баштыктарды Кыргызстанга экспорттоону улантууда. Ал эми Кыргызстандын өзүндө он ишкана желим баштык чыгарат. Алардын килограммы 6 долларга сатылат (150 кг. 8 миң даана баштык). Аларды чыгаруу боюнча керектүү материалдар Россия, Кытай жана Азербайжандан алынып  келинет. Эскерте кетчү жагдай, 2013-жылы 3 млн. 158 миң даана желим баштык чыгарылган болсо, акыркы жылдары анын саны 992.3 миңге кыскарган. Эң эле кызыгы, аларды кайра иштеп чыгуучу мекемелердин саны жокко эсе экени  таң калтырат. Желим баштыктар колдонууга оңой, арзан жана бышык.

Сингапурда желим таштандыларынан үй жасалат

Чет өлкөлөрдө пластикалык таштандыларга каршы иш-аракеттер  канааттандырарлык экен. Алсак, Сингапурда пластикалык таштандылардан убактылуу үйлөр жасалып, алар арзан жана үнөмдүү. Мындай үйлөр үч күн ичинде чогултулуп, табият кырсыктарынан жабыркагандар, экономикалык жактан жетишсиз үй-бүлөлөргө арналган. Бирок бул үйлөрдө жашоо канчалык деңгээлде зыяндуу экени белгисиз. Сингапур, Бангладеш, Тайванда желим баштыктарды колдонууга канализациялар, дарыялар тосулуп, суу ташкындарынын пайда болуусунан улам чектөө киргизилген.

Бул өлкөлөрдө тыюу салынган

Кытай:  2008-жылдын 1-июнунан тартып калыңдыгы 0.025 мм болгон желим баштыктарды иштеп чыгууга, сатууга тыюу салган.

Дания: 1994-жылы сатуу борборлорунда желим баштыктарды акысыз таратууга айып пул салынган. Бул мыйзам ишке киргенден кийин желим баштыктарды колдонуу 90 пайызга кыскарган.

Италия: 2011-жылы 1-январдан тартып желим баштыктарды колдонууга тыюу салып, алардын ордуна биобаштыктар колдонулат.

Кыргызстанда да бир нече супермаркеттер биобаштыктарды колдонууга өтүп, ал ишти ара жолдо калтырып коюшкан. Буга ал баштыктардын ыңгайсыздыгы себеп болдубу же каражаттын жетишпестигиби, белгисиз.

Дүйнөлүк статистикага кайрылсак:

  • Желим баштыктар 100-500 жылга чейин чирибейт.
  • Жердин катмарында бул процесс 1000 жылга чейин созулат.
  • Дүйнө жүзү боюнча бөлүнүп чыккан таштандылардын он пайызын  желим баштыктар түзөт.
  • Дүйнөдө жылына  5 триллион желим баштык иштелип чыгат.
  • Жыл сайын алардын айынан 300 миң жаныбар набыт болот.

Адамга зыяны

Желим баштыктарга “байыган” Кыргызстан

Биз колдонуп аткан баштыктар.

Желим баштыктардын адамдын ден соолугуна тийгизген таасирин врачтар ачык айтышпайт. Бирок желим баштыкка коргошун кошулат. Бул ден соолукка абдан зыян.  Коргошун көбөйүп олтуруп, көп дарттардын чыгышына алып келет. Желим баштыкты кызыл-тазыл боёктор менен кооздошот.  Ал боёктор  тамак-ашка аралашканда да зыянын тийгизбей койбойт.  Ал эми тигиштерин бири-бирине жабыштырыш үчүн химиялык желим кошулат. Бул дагы ден соолукка зыян.  Желим баштыкта сакталган азык-түлүк тез бузулат, анткени анда зыяндуу бактериялар бар. Желим баштык менен кошо тамакты ысытканда ал баштык уулуу  зат бөлүп чыгара баштайт.

Канатбек Кожобаев, профессор:

“Таштандылар сууну, абаны булгап жатат”

 —Бош убактымда өлкөбүздүн түндүк бөлүгүндө таштандылар боюнча  изилдөө жүргүзүп келем. Ачыгын айтканда, алардын акыбалы өтө жаман. Коом ага көңүл бурбай келет. Таштандылардан бөлүнүп чыккан уулуу заттар жер астындагы жана жер үстүндөгү сууларды булгайт. Мына ошол суулар биз ыйык туткан Ысык-Көлгө келип куюп жатпайбы. Айрыкча желим баштыктар, желим таштандыларды өрттөгөн учурда абага диоксин, стирол, бисфенол, формальдегид деген уулуу заттар бөлүп чыгып, консерогендик оорулардын пайда болушуна шарт түзөт.

Канатбек Кожобаевдин айтымында,  өлкөбүздүн түштүк аймагында таштандылар  ар кандай аңдарга, казылган эски карьерлерге, табигый курулуш материалдары казылып алынган жерлерге келип төгүлөт. Эч кандай кайра иштетүүчү ишканалар жок. Ал эми чет өлкөлөрдө таштандылар үчүн атайын  изоляцияланган, суу өткөрбөгөн “полигондор” казылып, үстүнөн да көмүлүп коюлат экен.  Сөзүнүн аягында эколог мырза  Кыргызстанда  бул  жагдайдын акыбалы мышык ыйлаарлык   экендигин кошумчалады.

Хасан Гүзелбектеш, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ветеринар факультетинин мугалими:

“Жаныбарлар жеп алса, азап тартат”

—Таштандыга ыргытылган тамактар менен  бирге алар салынган баштыктарды жеп алган жаныбарлардын ден соолугуна терс зыянын тийгизээрин билүүбүз керек. Организмге кирген полиэтилен пакеттери ашказанда сиңирилбейт, табигый жол менен сыртка чыгарылбайт. Натыйжада организмде топтоло берет да, катуу затка айланып, зат алмашуу процессинин бузулушуна алып келет. Аларды операциялык жол менен эле алып салбаса, сыртка чыгышы мүмкүн эмес. Кичине өлчөмдөгү баштыктар эле чыгып кетпесе. Ал эми көчөдө жүргөн иттердин көпчүлүгү ушул себептен өлүмгө дуушар болушат.

Сунуш жерде калган

Айта кетсек,  Жогорку Кеңеш желим баштыктарды чыгарууга жана колдонууга тыюу салуу  боюнча мыйзам долбоорун  жактырышкан. Бул долбоорду талкуулоодо Жогорку Кеңештин депутаты  Эркингүл Иманкожоеванын BBCнин сайтына берген интервьюсунда, “Кыргызстанда целлофан өндүргөн ондой чакан ишкана бар экен. Жылдык кирешелерин эсептеп чыкканыбызда, 16 миллион сомду түздү. Бирок бул суммадан биздин элдин ден  соолугу жана экологиябыз бийик турушу керек”, —  деп билдирген. Тилекке каршы, бул сунуш айтылган жеринде калып калгандыгы өкүндүрбөй койбойт.

Умида Бекпулатова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты