10 млн сомдон ашык чыгым келтирген. Сокулукта каржы пирамидасын уюштурууга шектүү кармалды

  • 1 год мурун

Чүй облусунун Сокулук районунда каржы пирамидасын уюштуруп, жабырлануучуларга 10 млн сомдон ашуун чыгым келтирген деген шек менен 38 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, июнь айынын аягында Кун-Туу айылынын А.Ж. аттуу тургуну Сокулук райондук милициясына арыз менен кайрылып, А. аттуу жаран Whatsapp мессенджеринде бир нече тайпаларды түзүп, “кыска аралыкта акча каражатын эки эсеге көбөйтүп берем” деп алдап, 187 миң сом акчасын котортуп алганын айткан.

Арыздын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары 1985-жылы туулган Ж.А. кармалган. Сокулук райондук чечими менен шектүү тергөө абагына киргизилип, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Милициянын маалыматында тергөөнүн жүрүшүндө зыян келтирилген сумманы көлөмү 10 млн сомдон ашык экени аныкталганы айтылат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты