1-сентябрдан тарта кыргыз-өзбек чек арасынан жарандар ID карта менен өтө алышат

  • 11 месяцев мурун

1-сентябрдан тарта кыргыз-өзбек чек арасынан жарандар ID карта менен өтө алышат. Бул тууралуу УКМКнын алдындагы Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-сентябрда саат 00:00дон баштап Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандары ID-карталарды (Кыргызстандын жарандары үчүн 2004-жылдагы жана 2017-жылдагы үлгүсүндөгү ID-карталары) же эки мамлекеттин аймагына кирүү, чыгуу, болуу жана ары-бери жүрүү үчүн чет элдик паспортту да колдоно алышат.

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан өткөрүү жайларында гана мамлекеттик чек араны кесип өтүүгө же Кыргызстандан Өзбекстанга жана кайра артка түз аба каттамы менен жүрүүдө ID-карта менен чек араны кесип өтө алышат.

Үчүнчү өлкөлөргө чыгуу үчүн эки өлкөнүн жарандарында тең жанында жалпы жарандык (чет элдк) паспорттору же мамлекеттер аралык макулдашууларда аныкталган башка каттам документтери болушу керектигин УКМК Чек ара кызматы белгилейт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты