1-марттан тартып ККМдин эски моделдери колдонуудан чыгарыла баштайт

  • 1 год мурун

28-февралда фискалдык модуль менен иштөө  функциясы жок контролдук-кассалык машиналарды колдонуу мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Буга чейин ККМдин жаңы моделдерине өтүү мөөнөтү 1-мартка чейин узартылган. Бул ККМди колдонуу бөлүгүндө салык милдеттенмелерин аткарууда ишкерлерге көмөк көрсөтүү максатында жасалган.

1-марттан тартып бардык ККМ фискалдык модуль менен иштеши керек, ал эми белгиленген техникалык талаптарга жооп бербегендер (эски үлгүлөр) мажбурлоо тартибинде өчүрүлөт.

ККМ колдонуудан чыгарылса кассалык чек берүү аркылуу калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берилбейт, бул кийин административдик жоопкерчиликке алып келиши мүмкүн.

Салык кызматы соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жана ККМди колдонууга милдеттүү болгон ишкерлерди көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин колдонуудагы ККМди модернизациялоого же жаңылоого чакырат.

Бул үчүн операторлордун тейлөө борборлоруна жана техникалык тейлөө борборлоруна кайрылуу зарыл.

Адаттай, мөөнөттүн акыркы күндөрү бардык тейлөө борборлорунда жана ТТБда көптөгөн кезек күтүүлөр түзүлөт. Кезек күтүүгө убактыңызды коротпоңуз, операторуңузга же ТТБга азыр кайрылыңыз!

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты