1-июлдан тарта Бишкек-Жалал-Абад багыты боюнча каттамдар күн сайын каттайт

  • 2 года мурун

1-июлдан тарта Бишкек-Жалал-Абад багыты боюнча каттамдар күн сайын каттайт. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.

«TEZ JET» авиакомпаниясы 1-июлдан тартып Бишкек-Жалал-Абад-Бишкек багыты боюнча каттамдарды күн сайын аткарууну пландаштырууда.

Бүгүнкү күндө каттамдар жумасына 3 жолу (дүйшөмбү, жума жана жекшемби күндөрү) аткарылат. Бишкек-Исфана-Бишкек багыты боюнча каттам «TEZ JET» авиакомпаниясы тарабынан жумасына 2 жолу (шаршемби, ишемби күндөрү) аткарылат.

Бишкек-Баткен-Бишкек багыты боюнча каттам «TEZ JET» авиакомпаниясы тарабынан жумасына 2 жолу (шейшемби, бейшемби күндөрү) аткарылат.

Бүгүнкү күндө Бишкек-Ош-Бишкек багыты боюнча каттамдар күнүнө 6 жолу аткарылууда.

«TEZ JET» авиакомпаниясы күнүнө 5 каттам аткарат. «Avia Trafic Company» авиакомпаниясы күнүнө 1 каттам аткарат. «Эйр Манас» авиакомпаниясы жумасына 3 каттам аткарат 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты