1-апрелден тарта мугалимдердин айлыгы 80%га жогорулайт
- 3 года мурун
1-апрелден тартып билим берүү тармагындагы мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы 80%га жогорулатылат. Бул тууралуу каржы министри Алмаз Бакетаев 24-мартта басма сөз жыйынында билдирди.
«Жаңы модель менен эсептегенде жаңы иштеп баштаган мугалим 20 миң сомдун тегерегинде айлык алат. А азыр андай мугалимдер 7 миң сомго чейин эле алышат», — деди министр.
Бакетаевдин айтымында, келерки айдан тарта мугалимдердин, дарыгерлердин, маданий кызматкерлердин, илим жаатындагы адистердин, жалпы 309 миң адамдын айлыгы көтөрүлөт.
1-апрелден тартып бюджеттен каржылануучу мекемелердин кызматкерлеринин айлыгы көбөйтүлөрүн президент Садыр Жапаров быйыл 8-февралда Бишкек шаарында электр тармагы боюнча «Түндүк» ишканасын пайдаланууга берүү иш-чарасында сүйлөп жатып айткан.