Бишкекте Кайгуул милициясы түзүлөт

Бишкекте Кайгуул милициясы түзүлөтБишкекте Кайгуул (патруль) милициясы түзүлөт. Бул тууралуу Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 13-ноябрда, жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер түзүмдөрүн күчтөндүрүү, реформалоо жана аны ишке ашыруу боюнча кеңешмеде билдирди.

Кайгуул милициясын кызматтык унаа, атайын техника менен камсыздоо, формалуу кийим берүү жана атайын техникалык каражаттар менен жабдуу үчүн каржылоо зарылдыгына байланыштуу маселелер каралды. Бул «Коопсуз шаар» долбооруна үндөш жана талаптарына дал келет.

Жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер орган түзүмдөрүн реформалоо боюнча эксперттик жумушчу топтун жетекчиси Тамерлан Ибраимов жана Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев сунушталган чаралар тууралуу айтып беришти.

Анда кадрларды жаңыртуу, функционалдык милдеттенмелердин өзгөрүүсү, ачык сынак  боюнча тандалып алынып, тийиштүү даярдыктан өткөрүлчү Кайгуул милиция кызматкерлеринин эмгек акысынын жогорулатылышы каралган.

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты