ЖЭБ чыры боюнча Айбек Калиев шектүү катары кармалды

ЖЭБ чыры боюнча Айбек Калиев шектүү катары кармалды«Бишкек шаарындагы ЖЭБди (ТЭЦ) модернизациялоо» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында «Улуттук энергохолдинг» ААКсынын мурдагы жетекчиси Айбек Калиев шектүү адам катары кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда, ал учурда УКМКнын убактылуу кармалуучу жайына киргизилген.

Эске салсак, өкмөт башчы Сапар Исаков жакында аны кызматтан алган болчу. Бирок, коомчулукта бул кадамды Калиевди калкалоо катары баалашкан болчу.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты