Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун  өлтүрүү боюнча кылмыш иши ачылды  

Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун  өлтүрүү боюнча кылмыш иши ачылды  

Өкмөт Жогорку Кеңеш фракцияларынын кошмо жыйынында өткөн жыл боюнча отчет берип жаткан учурда депутат Наталья Никитенконун суроосуна ички иштер министри Улан Исраилов  Улан Саляновдун өлтүрүлүшү боюнча кылмыш ишинде саясий себеп жок экендигин, кылмыштын бети ачылганын айтты.  

Ички иштер министри Улан Исраилов “биз башынан эле бул кылмыш ишинде саясий себеп жок дегенбиз.  2 адам кармалды. Экстрадиция маселеси чечилди. Милиция командировкага чыккан. Буга россиялык кесиптештер жардам беришти. Кылмыштын бети ачылды” деди.

Эскерте кетсек, 2017-жылы 6-ноябрга караган түнү экс депутат Аида Салянованын иниси Улан Саляновду атып, кылмышкерлер изин жашырып  кетишкен. Улан Салянов ооруканадан каза тапкан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты